Үй-бүлөдөгү зомбулукту кантип токтотобуз?

Укук коргоочулар соңку убакта Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан кордук көргөн аялдардын саны кескин өсүп кеткенин белгилешүүдө.
Өткөн жумада Бишкектин чок ортосундагы үрөй учурган кылмышта ажал тапкан аял да үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгону айтылууда. Үйдөгү ур-токмокко чыдабай өз жанын кыйган аялдар да жок эмес. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун себеби көбүнчө социалдык маселелерге, жетишпеген турмушка байланыштырылат.

Сиз анын себебин эмнеден көрөсүз жана зомбулукту токтотуунун, жок эле дегенде азайтуунун кандай жолдорун сунуштайсыз?