"Кенч-Казына” мигранттан инвестиция күтөт

Орусия -- Чита шаарынын базарындагы кыргыз мигранты.

Кыргыз диаспораларынын курултайларында көтөрүлүп жүргөн демилгелердин бири ишке ашып, мигранттар акчасын ишкер долбоорлорго багыттоону максат кылган алгачкы ачык акционердик коом - “Кенч-Казынанын" акциялары жакында сатыкка чыгарылды.
“Азаттыктын" "Өңүт" берүүсүндө ушул самаалыктын жана мигранттар каражатын алардын өзү үчүн да пайда бергидей инвенстициялык нукка буруунун мааниси талкууланды. Талкууга Каржы рыногун тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Юрслан Тойчубеков, Кыргыз мигранттарынын Москвадагы коомдук бирикмесинин жетекчиси, ишкер Алишер Мааданбеков, “Кенч-Казына” акционердик коомунун негиздөөчүсү Умбриель Темиралиев, Стамбулдан "Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул катышты.

Юрслан Тойчубеков: Баалуу кагаз чыгарган компаниялар боюнча Кыргызстанда да буга чейин жакшы эмес көрүнүштөр болгону эсибизде. Мен бүгүн ишенимдүү түрдө айта алам “Рентон Груп” менен “Кенч-Казынанын” ортосунда асман менен жердей айырма бар. Себеби, “Рентон Груп” векселдерин каалашынча чыгарып, бирок мамлекеттик органдар текшерген эмес. “Кенч-Казына” алгачкы этапта 1000 эле акция чыгарды. Чогулган акчаны кайсыл багыттарда пайдаланарын көргөзүштү.

Бүгүнкү күнү өкмөттүн колунан келбей турган кээ бир нерселердин жеке демилгелер, жеке капитал аркылуу ишке ашканы жакшы көрүнүш.

Юрслан Тойчубеков

Мисалы кыргыз-казак өкмөттөрү 100 миллион доллар өлчөмүндө инвестициялык кор түзөлү деп, бирок ошону эки жылдан бери ишке ашыра албай жатышат. Биздин мигранттар банк менен жөнөтүлгөнүн же накталайын кошкондо өлкөгө жылына 3 миллиард долларга чейин каражат алып келишет. Мына ушунун 10% - 300 миллион, 5% - 150 миллион доллар болот экен. Менде “Кенч-Казынаны” уюштурган балдар туура багытты табышты деген ишеним бар. Мамлекеттик орган катары булардын ар бир операциясын биз көзөмөлдөп турабыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Кенч-Казына” мигранттын инвестициясын күтөт, 1- бөлүк

Умбриель Темиралиев

Умбриель Темиралиев: “Кенч-Казынаны” уюштурууда алдыбызга бир кичинекей максат койдук. Биз акцияларды сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен орто же чакан бизнестеги кайсыл бир компанияга инвестор катары бара турган болсок, акчабызды үч же төрт жыл ичинде мындай пайыз менен кайтарып бересиң деп айтпайбыз. Аларга узак мөөнөткө акча берүү менен шериктештик түзөбүз, пайызга отургузбайбыз. Биздин дивидент катары алуучу кирешебиз, коммерциялык пайыздык көрсөткүчтөн жогору да болушу мүмкүн. Кудай буюруса, 1000 ( бир акциянын баасы 50 000 сом ) акциябыз сатылгандан кийин, үлүш ээлери Директорлор кеңешин шайлашат. Биз инвестициялык сунуштарыбызды аларга беребиз. Акционердик коомдун каражаты Директорлор кеңеши кабыл алган гана долбоорлорду инвестициялайт.

Алишер Мааданбеков: Эң башкысы мигранттар арасында ишеним жаратуу керек. Алардын акчасын, мүмкүнчүлүктөрүн азыр банктар колдонуп жатат. Бул акционердик коомдун ишмердиги ачык, үлүш ээлери менен карым-катнаш механизмдери так болушу абзел. Оболу акционердик коомго тартылган ишкерлер анын ишинин жыйынтыгын, пайдалуулугун далилдеш керек. Ошондо гана мигранттарда ишеним жаралат.

Айбек Сарыгул


Айбек Сарыгул: Биз мигранттар үчүн атайын акционердик коом түзүү сунушу менен чыкканда Түркиянын тажрыйбасына таянганбыз. Азыр иш жаңыдан гана башталды. Эгер биз жакшы өрнөк көргөзсөк, келечекте мындай акционердик коомдордун бир нечеси ачылат.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Кенч-Казына” мигранттын инвестициясын күтөт, 2-бөлүк