Апта ирмемдери: 9 - 15 сентябрь

9-сентябрь: Кара-Балта шаарында мунайды кайра иштетүүчү завод ачылды. Кытайлык компания курган “Жунда” мунай заводу жылына 800 миң тонна күйүүчү май өндүрө алат. Жыл сайын завод мамлекетке 5 миллиард сом салык төгөт. Иштетиле турган чийки зат Орусиядан алынат.

9-сентябрь: Москва мэрлигине оппозициядан талапкер болгон Алексей Навальный тарапкерлери менен Болотная аянтына чогулду. Митинг алдында Навальный добуштарды кайра саноосуз алар шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айткан. Анын ырастоосунда, Собянин добуштардын болжол менен 4% бурмалоонун натыйжасында биринчи айлампада жеңишке жетишти. Собянин болсо өз тарабынан кечээги добуш берүүнү Москванын тарыхындагы “эң таза жана ачык” шайлоо деп баалап, атаандашын жеңилгенин моюнга алууга чакырды.

Мурдараак Москванын шайлоо комиссиясы бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү, учурдагы мэр Сергей Собянинди кечээги шайлоонун жеңүүчүсү жана экинчи айлампа болбойт деп жарыялаган. Шайлоо комиссиясынын эсебинде, Собянин добуштардын 51,37%, Алексей Навальный 27,24% алган.

9-сентябрь: Тажик оппозициясы президенттикке бирдиктүү талапкерин тандады. Оппозициячыл топтордун коалициясы ноябрдагы президенттик шайлоого талапкер катары Ойнихол Бобоназарованы көргөздү. Ал каттоодон өтсө, Тажикстандын тарыхында мамлекет башчылыгы үчүн ат салыша турган алгачкы аял талапкер болот.




9-сентябрь: Кыргыз эли чыгаан кыздарынын бири Күлүйпа Кондучалова менен коштошту. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Кондучалованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Алмазбек Атамбаев, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомчулук өкүлдөрү катышты. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Күлүйпа Кондучалованын кыргыз мамлекетинин, маданиятынын калыптанышына кошкон салымы зор экенин айтып, ал өзүн акыркы демине чейин кыргыз маданиятына арнаган улуу инсан болгонун баса белгиледи.

Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Ал 1958-жылдан тарта 22 жыл бою Кыргызстандын маданият министрлигин жетектеген.

10-сентябрь:  АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Сирия боюнча жаңы демилгеси “потенциалдуу түрдө позитивдүү өнүгүү” болушу мүмкүн деп билдирди. Анын алдында Москва Сирия өкмөтүнө химиялык курал арсеналын эл аралык көзөмөлгө өткөрүүнү сунуш кылган. Америкалык телеканалга курган маегинде Обама бул идея убакытты создуктуруу тактикасы катары пайдаланылышы ыктымал деген чочулоосун да кошумчалады. Президент жаңы сунушту орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон талкуулаганын айтты.

10-сентябрь: Түркиянын чыгыш-батышында жүздөгөн демонстранттар полиция менен кагышты. Кырдаал демонстранттардын бири 22 жаштагы Ахмет Атакандын өлүмүнөн кийин күч алды. Ал шейшембиге караган түнү Антакья шаарындагы быйыл жайында өкмөткө каршы демонстрациялардын катышуучуларына полиция тарабынан катаал мамиле жасалышына каршы митинг учурунда өлгөн. Анын өлүмү тууралуу маалымат бир катар шаарларда толкундоолорду жаратты. Стамбулда полиция жүздөгөн кишиден турган топту көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таратты.

11-сентябрь: АКШдагы 9/11 терактынын курмандыктары эскерилди.

АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында дүйнөдөгү эң ири террордук чабуул жасалганына туура 12 жыл болду. 2001-жылдын 11-сентябрында "ал-Каиданын" согушкерлери ала качкан учактар Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору жана Коргоо министрлигинин имараттарына чабуул жасашкан. Дагы бир учак жүргүнчүлөр террористтерге туруштук бергенден кийин Пенсилвания штатында кулап түшкөн. Бул чабуулдар үчүн жоопкерчиликти "ал-Каида" уюму мойнуна алган.


 

11-сентябрь: Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай төрагасы Си Цзинпин менен президент Алмазбек Атамбаев жолугушту. Кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүүнүн натыйжасында тогуз документке кол коюлду.

12-сентябрь: ШКУ саммитине катышчу президенттер Бишкекке келе баштады. Бул күнү Ирандын президенти Хасан Роухани саммитке келген алгачкы конок болду.

13-сентябрь: Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү.

13-сентябрь: Алматыдагы “Олжо” жана “Аян” базарларында өрт чыгып, андан кыргызстандык ишкерлер да чыгымга учурады. Замандаш” ассоцациясынын Алматыдагы өкүлү Турат Аманбаевдин "Азаттыкка" кабарлашынча, тилсиз жоонун кесепетинен 15тен ашык кыргыз ишкеринин товарлары толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн эмнеден чыкканы жана кесепеттери аныкталып жатат.

14-сентябрь: Бишкекте эл аралык “Мен бийчи” фестивалы өттү. Бийчи Атай Өмүрзаковдун продюсердик борбору уюштурган фестивалга Канада, Франция, Орусия, Германия, Казакстандан бийчилер келип, бийдин бир нече түрү боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Негизги конок - Британиядан келген белгилүү аткаруучу Крис Дэвид болду. Сүрөттө Атай Өмүрзаков кадырлуу конокко калпак кийгизип жатат.