Кыргызстанда коронавирус жугузгандар кайра көбөйдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда күндө 200дөн ашык адамдан коронавирус аныкталууда. Вируска чалдыккандардын көбү 30-65 курактагы адамдар. Дарыгерлер жөтөлүп, дене табы көтөрүлгөндөрдүн көбү убагында бейтапканага кайрылбай жатканын, арасында оорусун күчөтүп жибергендери бар экенин билдирүүдө. Ал арада жакында алынып келинген Pfizer вакцинасын бейтаптарга берүү баштала элек.