Мадыген - байыркы дүйнөнүн архиви
Мадыген Кыргызстандын түштүк батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.
Мадыгенде изилденген тоо тектеринин бир бөлүгүнүн курагы болжол менен 237 миллион жылды түзөт.
2026-жылы палеонтологдор байыркы жыгачтын көмүргө айланган калдыктарын таап, Пангеянын бул бөлүгүндө триас мезгилинде табигый өрттөр болгон деп болжолдошкон.
Министрлер кабинети 2023-жылдын 18-апрелинде Мадыгенге мамлекеттик жаратылыш эстелиги статусун берген. Корголуучу аймак 8,16 миң гектарды ээлейт.
Мадыген азырынча ЮНЕСКОнун глобалдык геопаркы статусуна ээ боло элек. Уюмдун сайтында ал ушундай статуска талапкер аймак катары аталат.