Мигрант добушу жана кош жарандык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жүз миңдеген кыргыз мигранттары 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо дээрлик добуш берген жок. Башкача айтканда саясий жараяндан сыртта калышты. Эми 2017-жылкы президенттик шайлоодо бул маселеге көңүл буруунун зарылчылыгы барбы? Бул суроолого "Өңүт" берүүсүндө жооп издедик. Талкууну Прага студиясынан Улан Алымкул уулу жүргүздү.
Жаңы парламентке кирген айрым саясий партиялардын мигранттар үчүн кош жарандыкты камсыздоо убадасы канчалык реалдуу, бул нерсе аларды мекениндеги саясий процесстерге аралаштырабы же кайра алыстатабы?