Ал арада омбудсмен Жамиля Жаманбаева мамлекеттик тийиштүү органдарды жарандардын дарылануу укугун камсыздоого жана өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырган билдирүү таратты. Кайрылууда заманбап диагностикалык аппараттардын, керектүү дарылардын жоктугунан онкологиялык илдетке чалдыккандар кыйналып жатканы сөз болгон.
"Нур алыш үчүн Түркияга барыш керек"
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери август айында жүргүзгөн мониторингге ылайык, учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда нур терапиясын алуу үчүн 34 киши кезекте турат.
"Elekta Synergy жана Elekta Synergy Platform линиялык тездеткичтери бузулуп, дарылоо эски “Бабатрон” жабдыгы менен жүрүп жатат. Бейтаптар нур терапиясын алуу үчүн бир-эки жумалап кезекте турууга аргасыз", - деп айтылган институттун билдирүүсүндө.
Бишкектин тургуну Гүлкан (аты өзгөртүлдү) нур терапиясын кечиктирбей алышы керек деген бейтаптардын бири.
68 жаштагы аял бир жылдай мурда көкүрөк бези сезгенип, ооруканага кайрылган экен. Көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин сол эмчегинде залалдуу шишик пайда болгону аныкталган. Каарманыбыз учурда Түркияга барууга каражат издеп жаткан кези.
Дагы караңыз "Жатын моюнчасынын рагы, үчүнчү стадия экен". Аялдардын арманы“Улуттук онкология жана гематология борборунда эки аппарат бар. Бири союз маалында, экинчиси Атамбаев президент болгондо алынган экен. Экөө тең тез-тез бузулуп турат. Керектүү тетиктери жок, аны чет өлкөдөн алдыруу керек дешти. Нур ар бир адамга өзүнчө доза менен берилиши керек. Бизде андай мүмкүнчүлүк да жок, баарына бирдей дозада бергендиктен адам күйүп калат экен. Радиация оңой эмес да. Залалдуу шишик сол эмчегимде, кокус күйүп калчу болсом, жүрөгүмө жана өпкөмө терс таасир этет. Ошондон коркуп жатам. Ооруган адам жок дегенде 15-20 жолу нур алат. Мен дагы башында алайын деп баргам, ошол жерде жаткан бейтаптар менен сүйлөшүп көргөндөн кийин баш тарттым. Түркияга эле барсамбы деп жатам, ал жакта нур менен дарылаган аппараттар жетиштүү экен. Сураштырсам 10 миң доллардай кетет экен”.
Улуттук онкология жана гематология борборунун маалыматында Кыргызстанда акыркы беш жылда нур терапиясын 25,6% гана бейтап алган. Эл аралык талапка ылайык, 300 миң калкка бир линиялык тездетүүчү, 7 млн адам үчүн кеминде 20дай жабдык болушу керек.
Дагы караңыз Акыйкатчы өсмө оорулууларды дарылоодогу көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырдыАкыйкатчы институтунун билдирүүсүндө борбордо ультра үндүү жабдык эскиргени, 2014-жылдан бери маммограф жаңылана электиги, заманбап эндоскопиялык жана лапароскопиялык системалар жетишсиздиги белгиленген.
80ге жакын өтө керектүү дары-дармек жоктугу, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы көйгөйдү чече албай жатканы айтылган. Бейтаптар дары менен толук камсыз болушу үчүн 2,5 млрд сом керектиги көрсөтүлгөн.
Биздин каарманыбыз дары-дармекти бейтаптар көп учурда өзү сатып аларын ырастады. Ал жаны кыйналып турган адамга дарыгерге көрүнүү өзүнчө азап экенин да айтууда.
“Элдин көптүгүнөн догдурга көрүнүш үчүн таңкы саат бештен тартып кезекке турасың. Ошонун өзүндө дарыгерге түштөн кийин киресиң. Кезек көйгөйү чечилген эмес. “Дарыгерлердин айлыгын көбөйтүп, анан күнөөлөгүлө” деген пикирлерди окуп калам. Ага бейтаптар күнөөлүү эмес да, айлыкты биз төлөмөк белек? Дары-дармек да кымбат. Көбүн өзүң сатып аласың. Дарыланып чыккандан кийин ички көйгөйлөрдү жакшы билебиз да. Борбордун жетекчилиги аларды ачык айтпай жашырып жатпайбы”, - дейт Гүлкан.
Министр эмнеге ачууланды?
Улуттук онкология жана гематология борборунда көйгөй курч экенин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 31-январда өткөн коллегияда да айтып чыкты. Ал борбордун жетекчиси Нурбек Букуевди “кырдаалды билбейт” деп сынга алды.
Каныбек Досмамбетов.
“Бизде эмнеге онкологиялык оорулардын саны үрөй учурат? Анткени биздеги онкологдор өнүкпөй калган. Ошон үчүн өлүм көп. Ооругандардын көбү четке кетип жатат. Үйүн сатып болсо да чет өлкөгө дарыланууга барышат. Өткөндө мен Букуевди чакырып, көйгөй эмнеге курчуп жатканын сурадым. Ал “бизде көйгөй жок” дейт. Ошондо бул адам ишине курсантпы? Бул көйгөйдү көргүсү келбейт, демек, чечкиси да келбейт деген сөз. Демек, системага да күйбөйт”, - деди министр.
Расмий маалыматка таянсак, 2018-2024-жылдары онкология илдеттери үчүн 3 млн сомдон бөлүнүп келген. 2024-жылы каржылоо 176 млн сомго көбөйгөн, 2025-жылы 800 млн сомго чыккан. Улуттук онкология жана гематология борбору иш толук жүрүшү үчүн 4,5 млрд сом керектигин билдирген. Бул азыркы каржылоодон беш эсе көп сумма.
Акыйкатчы институтунун мониторингинде Улуттук онкология жана гематология борборунда жата турган орундар, имараттар жетишсиз экени да көрсөтүлгөн.
"Оорусу өтүшүп кеткенде келишет"
Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчисинин орун басары Амангелди Жумабаев көйгөйлөр барын четке какпады, ошол эле маалда кыргыз онкологдору артта калды деген дооматка дагы кошулбайт.
Амангелди Жумабаев.
"Мен бул жаатта 40 жылдан бери эмгектенем. Москвада көп жыл иштеп келгем. Илимдин доктору, профессормун. Биз сыртка чыгып турабыз. Илимий жыйындар бизде да өтүп турат. Башка өлкөлөр менен салыштырганда биздеги дарылоону артта калды дегенге болбойт. Жакшы адистер бар. Албетте, көйгөй жетиштүү. Илгери союз маалында рак ооруларын мамлекет өзү дарылачу. Кийин андай болбой калды. Бейтаптар өзү дарыланууга тийиш болгондуктан бир катар көйгөйлөр келип чыкты да. Мен билгени Орусияда жана Казакстанда онкологияга чалдыккан бейтаптар мамлекет эсебинен дарыланат".
Жумабаев муну менен катар ооруну эрте аныктоого көңүл буруп, бул жаатта калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарыл дейт.
"Учурда Кыргызстанда ашказан рагы менен ооругандардын саны көп. Бизге келгендердин 70% оору 3-4-стадияга өтүп, качан кан кусуп калганда келет. Аны эрте аныктоо үчүн эндоскопия, гастроскопия кылыш керек. Бирок ага элдин көбү макул болбойт. Ошондуктан бул жагынан ооруну аныктоонун жаңы жолдорун табуу керек. Адам улгайган сайын оору көбөйөт. Ошон үчүн элүүдөн өткөн адамдар ден соолугун текшерип туруш керек. Өпкө рагы дагы ошондой. Жылына бир флюрографиядан өтүп койсо эле дарт эрте аныкталмак".
Дагы караңыз Ажал ээрчиткен ашказан рагыБорбордун маалыматында өткөн жылдары Кыргызстанда рак илдети алты миңден ашуун кишиден аныкталса, анын үч миңдейи жашоо менен кош айтышкан.
АКШда жашаган медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев Кыргызстанда онкологиялык илдеттерге каршы күрөшүү иштери коңшу өлкөлөрдөн артта калып жатканын белгиледи.
“Рак оорусунун 4-стадиясына чалдыккандардын көптүгү система жакшы иштебейт дегенден кабар берет. Буга чейин менден кеңеш сурашканда эрте диагностиканы жакшыртуу керектигин айткам. Бул иш бизде көңүл бурулбай калып кетти. Дартка чалдыккандардын беш жылдык жашоо көрсөткүчү деген бар. Ошону алсак, биздики аябай начар. Коңшу Өзбекстан Кокондо Балдар онкологиялык борборун ачып жатат. Токтом чыгыптыр, анда бир жылда 90%, беш жылда 60% бала рактан айыгышы керектиги жазылган. Бул абдан дымактуу план. Бизде ал көрсөткүч тууралуу билишпейт дагы. Май айында Улуттук онкология жана гематология борборундагы эки жабдык бузулганда, айрым бейтаптар Алматыга барып нур терапиясын алышкан экен, бир сеанска миң доллар төлөшүптүр. 30-35 курс алса, ошончо миң доллар болуп жатпайбы. Түркияда дарылоо схемасын эле 500 долларга жазат. Өткөн жылы бул өлкө медициналык туризмден 3 млрд 280 млн доллар тапты. Онкологиядагы дарыгерлер 20% алып, муну бизнеске айлантып алышты”.
Дагы караңыз "Рак оорусу барларды Түркияга жиберүү бизнеске айланды"Ошко онкология борбору керекпи?
Учурда Кыргызстан боюнча Ошто 15 кишилик онкологиялык бөлүм бар. Ал жерде химиотерапия жана жеңил операциялар жасалат. Жалал-Абад, Токмок жана Баткенде оорунун жеңил түрлөрүн дарылашат. Нарын жана Талас облустарында бир дагы онколог жок.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев алдыдагы жылдары мамлекет дал ушул адис даярдоого көңүл бурарын айтты:
Бакытбек Кадыралиев
"Акырындык менен материалдык базаны, андан кийин линиялык тездеткичтерди жаңыртып, заманбап кадрларды даярдоого өтүп, дарылоонун схемасын өзгөртүшүбүз керек. Онкологиялык ооруларды дарылоодо жакшы жыйынтык көрсөткөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алганы жатабыз. Түркияга дарыгерлерди даярдоо үчүн 20 квота бөлүнгөн. Андан башка Орусия, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин адистер жакшы иштешет. Бирок аларды колдоого, өнүктүрүүгө көңүл буруу заман талабы. Акыркы кезде биз оорунун өтүшүп кеткен түрлөрү менен бет келишип жатабыз. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени көзөмөлгө алдык. Эми жаңы жабдыктарды алып берип, кадрларды даярдап, окутуп берүүгө тийишпиз. Рактын бир канча түрлөрүн аныктоо үчүн улуттук программа болушу керек. Аймактарда ооруну алдын алууга жана алгачкы санитардык-медициналык жардам көрсөтүүгө көңүл бурабыз. Азыр ооругандын баары бул жакка келип жатпайбы. Ошон үчүн скринингге басым кылабыз. Телемедицинанын жыйынтыгын пандемияда көрдүк. Адис жетишпей жатса, ошондой жол менен консультация берип, абалы оор бейтаптар болсо бул жактан дарыгерлер барышы керек. Аймактардагы адистерди чакырып, жаңы ыкмалар менен тааныштырса эффект да болот".
Ал эми онколог Рысбек Абдылдаев Ош облусуна дагы заманбап онкологиялык борбор ачуу керек деген пикирде.
“Ошко дүйнөлүк деңгээлдеги нур менен дарылаган жабдыктар керек. Андай кылбасак болбойт. Эл кыйналып жатат. Оштогу онкология бөлүмү үч жылдан бери долбоор жазып жаткан экен. Президентке беришип, ал киши Австрияга барганда жеңилдетилген насыя берүү демилгесин көтөргөн экен. Ошто онкологияга караштуу сегиз гектар жер бар, ошондон үч сотых бөлүп берели деп жатабыз. Алар салса, жанагыдай жабдыктар да болот. Бул Австриянын салык төлөөчүлөрүнүн акчасына жасала турган иш. Дүйнө жүзүндө 22ден ашык онкологиялык борбор курушкан экен. Ташкентте 44 млн долларга борбор салып жатышат. Аймактарда онкологиялык бөлүмдөрдү жакшыртуу керек. Бизде болгону бир эле борбор бар. Андагы диагностика, дарылоо, кадрлар дүйнөлүк стандартка жооп бербейт”.
Дагы караңыз Рысбек Абдылдаев: Жатын моюнчасынын рагынан эмдөө сактайт, эмчек рагы тукум кууйтАкыйкатчы институту мониторинг жүргүзгөндө Улуттук онкология жана гематология борборунда 325 бейтап дарыланып жатканы, 35 миң 163 адам каттоодо турганы белгилүү болгон.
Институт айрыкча балдар арасында лимфобластомалык лейкоз, мээнин шишиги, нейро жана нефробластома өңдүү онкологиялык илдеттер күчөп жатканына тынчсыздануусун билдирген. 2014-жылы балдар арасында ракка чалдыккан 70 бейтап катталса, 2023-жылы ооруган балдардын саны 200дөн ашкан.
Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева онкологиялык илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча жаңы стратегия, 2025-2030-жылдарга карата ооруга каршы күрөшүү планын кабыл алууну сунуштаган.
Кыргызстанда жыл сайын 4-февраль ракка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет.
Дагы караңыз Бишкекте рак ооруларын аныктай турган санарип лаборатория ачылды