Мусулман айымдардын көргөзмөсү

"Дүйнө мусулман айымдын көзү менен" аталыштагы арт-көргөзмөдөгү сүрөт.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Дүйнө мусулман айымдын көзү менен" аталыштагы арт-көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөнүн уюштуруучулары бул иш-чара менен мусулман айымдардын интеллектуалдык, чыгармачылык потенциалын көтөрүп, коомдогу стереотиптерди жойгусу келет.

4-март күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Дүйнө мусулман айымдын көзү менен” аталышындагы арт-көргөзмө ачылды. Анын негизги максаты - дин менен искусствонун айкалышын көргөзүп, мусулман айымдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын көтөрүү жана коомдо калыптанып калган стереотиптерди жоюу.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту тыюуга чакырык таштаган сүрөт

Кол өнөрчү Мария Молдогазиева күндөлүк колдонулуучу буюмдардын калдыктарынан жасалган эмгек менен аялдын жаратмандыгын даңазалоону көздөгөн.

“Ар бир аял үйдө бекер отурбай ушундай бир нерсе жасаса болот дегенди айткым келди. Ар кайсы нерсени ыргытып, Кыргызстанды таштандыга толтурбай, анын баарына жаңы жашоо берсе болот. Бул жерде чүпүрөктөн да сонун бир нерсе жасаса болот, “силердин колуңардан келет” деген идеяны бердим. Ар бир мусулман айым өз өнөрүн көргөзө алат, алардын арасынан илимдүүлөр чыгат".

Мария Молдогазиева мусулман айымдар өзүндөгү стереотиптерди жоюу үчүн билим алып, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү керек деген ойдо.

"Дүйнө мусулман айымдын көзү менен" аталышындагы арт-көргөзмөсү. Мария Молдогазиеванын эмгеги

Көргөзмөдөгү сүрөттөр интарсия, сыя, графикалык дизайн, аралаш техника авангард стилинде тартылып, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана Ислам динине байланышкан символдор, баалуулуктар чагылдырылды.

Кыргызстанда көп жайылбаган каллиграфиялык түрдөгү сүрөттү кол өнөрчү Нур Арстан Украинадагы кырдаалга байланыштуу тарткан. Дүйнөдө тынчтык болсун деген тилек менен ачык түстү тандаган экен.

Кол өнөрчү Нур Арстандын "Кыргызстан" аттуу каллиграфиялык эмгеги

Мугалим Роза Асакеева мусулман айымдардын эмгектеринде чоң философия бар деп баа берди.

“Ар бир ишти жан дүйнөң, жүрөгүң менен ойлонуп чыгыш керек. Чындыгында, бул жерде чыгармачылык кенен ачылыптыр".

Көргөзмөгө келгендердин бири Өмүргүл Жумабаева көргөзмө мусулман кыздардын өнөрүн ачыкка чыгарып, көпчүлүктү таң калтырганын айтты.

"Кыз Сайкалдын образы"

“Алардын жашоосу кызыксыз деген стереотиптер бар. Бирок анын эч кандай динге тиешеси жок, балким, бул ой билимсиздиктен келет. Сырттан мусулман кыз дүйнөгө кантип карашын айтуу кыйын. А бул жерде авторлор анын бир четин, тереңдигин айгинелеп көрсөтө алды деп ишенем. Негизи мусулман кыздар биздей эле адам”.

“Дүйнө мусулман айымдын көзү менен” аттуу арт-көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм музейинде 20-мартка чейин уланат.

Фоторепортажды "Азаттыктын" практиканты Адина Жоробекова даярдады