Мыйзамсыз курулуштар: Ишкерлер мэриянын ишине нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин борбордук үч көчөсүндө эскиздик долбоорлорго туура келбеген, уруксаты жок кошумча курулуштарды бузуу иштери уланып жатат. Ишкерлер бузуу иштери эскертүүсүз, башаламан жүргүзүлүп жатканын айтып жатышат. Мэрия муну калааны көрктөндүрүү жана ирээтке салуу аракети катары түшүндүрүүдө.

Шаарда азыр жарым-жартылай бузулган имараттар, демонтаждан кийин калган таштанды көбөйдү.