Белгисиз адамдар Орусиядагы оппозициячыл активист Алексей Навальныйга ун жана ириген сүт сыяктуу суюктукту чачып кетишти. Бул тууралуу өзү «Твиттердеги» баракчасына жазды. Окуя Навальный «Эхо Москвы» радиосуна бараткан маалда болгон.
Отряды Путина в действии. Пришёл на «Эхо». У входа три дегенерата. Обсыпали меня мукой и облили прокисшим молоком каким-то. Наверняка все ещё и с коронавирусом. А вы говорите карантин pic.twitter.com/J4hr9fT1xv
— Alexey Navalny (@navalny) March 25, 2020
Орус бийлигине каршы жүрүштөрдү баштап, коррупциялык иштерди ашкерелеген даректүү тасмаларды чыгарганы менен белгилүү болгон Навальныйга 2017-жылы да кол салышкан. Анда көзүнө жашыл түстөгү суюктук чачып кетишкен. Активист көзүнө Барселонадан операция жасаткан. Көп өтпөй полиция кол салуу боюнча иликтөө ишин токтотуп койгон.