Эр сайыш, кыз куумай жана махабат ыры

Кырчын капчыгайындагы боз үйлөрдөн турган шаарча Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынан кийин эле кызыгуу жаратты.

Жергиликтүү жаштар ат менен Кырчын капчыгайындагы Көчмөндөр оюндарынын ачылышына бара жатат. 

Коюу чаңдын арасында кылыч чабышкан баатырлар. 

Кыз куумай кыргыздын улуттук оюну. Кыйкырык-сүрөөндүн коштоосунда шамдагай чабандес кыздын бетинен өбүш үчүн кубалайт. Өзүнө жете албаган жигитти кыз кууп жетип камчы менен чабат.

Ат үстүндө шамалдай ойногон чабандестер. 

Франс-пресстин маалыматында миңге жакын чет элдик турист бул оюнду көрүү үчүн келген. Чет элдиктердин көбөйүшү менен жергиликтүү элде ат мингизип, бүркүт менен сүрөткө тартуу бизнеси күч алган. Бир тургун “Азаттыктын” кабарчысына чет элдик туристтерге акысыз бериле турган картаны сатууга аракет кылган.

Эр сайыш. Коюу чаңдан улам жоокерлер сценарий боюнча же катуу соккудан кулап жатканын билүүгө мүмкүн болбоду.
 

Ачылыштан кийин VIP-персоналар капчыгайдан кетишти. Жергиликтүүлөр башка көңүл ачуучу жай издеп, адамдын колу менен жасалган чакан көлгө барышты.

Назира Иванова салттуу музыка ойногон тобу менен сахнага чыгууга даярданып жатат. Бир нече адамдын көңүлүн бурган ыры "сүйүү" жөнүндө экенин “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Улгайган достор күндүн батканын карап ыракаттанып отурат.

Дарчылардын оюну. 

Кыргыздардын улуттук кийими. 

Эки жаачы.

Идиш кармаган аял боз үйдөн чыкты. Оюндун катышуучулары боз үйлөрдө түнөп жатышты.

Кыргызстан Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү укугун Түркияга берди. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жолугуусунан кийин белгилүү болду.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Уюштуруучулар оюн каада-салтты жандантуу максатында өтүп жатканын белгилешти. 

Каскадерлорду эл кызуу тосуп алды. 

Венгриянын спортчулары. 

Монголиянын делегациясы. 

Роза гүлдү жыттаган бийкеч. 

Селфи кылып жаткан түгөйлөр. 

Орус курмасы чыкканда кыйкырып жаткан күйөрмандар. 

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүп жатканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 

Кыргызстанда 2-сентябрда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталды. Фотограф Амос Чапл тарткан ирмемдерди сунуштайбыз.