Нургазы: Айылдан АКШга жеткирген тасма

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Нургазынын кыялы" Webby сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү. Ага "Нургазынын кыялы" тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылыкбек уулу, тасманын автору, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары барган "Элим, барсыңбы?" фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов катышты.