Барак эксклавынын тургундары Кара-Сууга көчүрүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын эксклавы, коңшу Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айылынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлдү. Он жылча мурда Ташкент аталган эксклавга түз өтчү жолду жаап, анын тургундарын айланып каттоого мажбур кылган. Ортодо сүйлөшүүлөрдөн улам каттам бир аз гана жумшарган. Мына ушундай жагдайда Кыргызстан Баракты Өзбекстандын башка жерине алмаштырган.