"Өзүңдү коргоого үйрөтөт". Жиу-житсу менен машыккан кыздар

Жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты. Бишкек шаары.

Кыргызстанда жиу-житсу менен алектенген кыз-келиндердин катары калыңдап баратат. Спорттун бул түрү саламаттыкты чыңдоо менен бирге спортто ийгилик жараткысы келген кыз-келиндердин башын бир залга бириктирди. "Азаттык" жиу-житсуга кызыккан кыздар тууралуу баяндайт.

Чакан залда машыккан чемпион кыздар

Бишкектеги эски имараттардын биринде жайгашкан бул чакан залда 10дөн ашык кыз жиу-житсу менен машыгып жатышат. Бул залды Жиу-житсу федерациясынын президенти Абдрахманхажи Муртазалиев ачкан.

Кыздар машыгуу учурунда.

Мындагы кыздарды жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону Айжан Кадырбекова машыктырат. Ал азыр кыздарды жакынкы күндөрү өтө турган мелдештерге даярдап жатат.

Машыктыруучу Айжан Кадырбекова (ортодо).

"Менин кол алдымда 40тай кыз машыгат. Жиу-житсу жумшак жана жеңил спорт. Бул спорт менен адам канча жашында болсо да машыга берсе болот. Айрыкча кыздар үчүн абдан жакшы. Менин группамда алты жаштан баштап, 35-40 жаштагы кыз-келиндер машыгат. Алар аз эле машыкса да, түрдүү мелдештерде ийгилик жаратышууда", - деди Айжан Кадырбекова.

Ал өзү дзюдочу. 11 жылдан ашык Кыргызстандын дзюдо бодюнча улуттук курама командасында түрдүү эл аралык мелдештерге, дүйнө, Азия чемпионаттарына, Азия оюндарына катышкан.

Айжан Кадырбекова окуучуларына ыкмаларды көрсөтүп жатат.

"Спорттук карьерам аяктаган соң, жаңы бир нерсе менен алек болушум керек болду. Мен жиу-житсуну тандадым. Абдрахман менин жакын досум болчу. Ал өзүнүн залына чакырып, бул спортто калып калдым. Азыр машыктыруучулук милдетти да аткарып атам", - деди Айжан Кадырбекова.

Кыздардын машыгуусу жумасына үч жолу өтөт.

"Машыгууларыбыз кечинде башталат. Бул абдан ыңгайлуу. Жумуштарыбызды бүтүрүп коюп келебиз. Кадимкидей эс алып, эртеңки күнгө жаңы дем топтойбуз", - деди Кыргызстандын Жиу-житсу федерациясынын ардактуу президенти Нуржамал Сагыналиева. Ал өзү да жиу-житсу менен машыгат.

Жиу-житсу боюнча кыздар арасында түрдүү мелдештер өтүп турат.

Жиу-житсу алгач өзүн-өзү коргоого үйрөткөн спорт түрү катары таанылган. 1950-жылдан кийин гана мелдештер өткөрүлө баштаган. Кыргызстанга 2013-жылы келген. Жиу-житсу федерациясынын ага-ини Муртазалиевдер түптөгөн. 2016-жылдан бери жыл сайын жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп келет. Бул чемпионатка кыздар 2020-жылдан баштап катыша баштаган.

Спортчунун уулу.

Мелдештерге айрым кыз-келиндер балдарын да ала келишет. Апасы мелдешип жатканда чүрпөсүн башка кыздар карап турушат.

Килемге чыгууга даярданып жаткан балбан кыздар.

"Акыркы жылдары жиу-житсуга кызыккан кыздар көбөйдү. Буга чейин жиу-житсу дегенди көбү билбейт эле. Жиу-житсу - кыздарга ылайыктуу спорт. Бир көргөндө оор көрүнгөнү менен, ыкмалары өтө жеңил", - дейт Жиу-житсу федерациясынын ардактуу президенти Нуржамал Сагыналиева.

Нуржамал Сагыналиева чемпион болгон кыздарга сыйлык тапшырып жатат.

Мариям Курманалиева 35 жашында биринчи жолу жиу-житсуден мелдешке катышып көрдү.

Мариям Курманалиева (кара кийимчен).

"Бүгүн биринчи жолу мелдешке катышып жатам. Жеңилдим. Бирок мен үчүн бул жакшы тажрыйба болду. Өзүм жиу-житсу менен машыга баштаганыма төрт ай болду. Мен азыр 35 жаштамын. Ден соолугума байланыштуу спорт менен машыгууга туура келди. Дзюдо менен машыгууну сунушташты. Жашым туура келбейт экен. Анан мен жиу-житсуга келдим. Мага абдан жагып жатат", - деди Мариям Курманалиева.

Жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты.

Бир учурда спортчу, ошол эле учурда машыктыруучу, Жиу-житсу федерациясынын баш катчысы Айжан Кадырбекова кыргыз кыз-келиндер арасында жиу-житсуну жайылткысы келет.

Айжан Кадырбекова спорттогу жетишкендиктери үчүн спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" аталды. Ал сыйлыкты Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун колунан алып жаткан учуру. Бишкек. 4-февраль, 2023-жыл.

"Ар бир машыктыруучу анын окуучусу ийгилик жаратса экен деп ойлойт. Жиу-житсу менен машыккан кыздар көбөйүп, биздин кыздар да ийгилик жаратышын каалайм. Албетте жиу-житсу кыз-келиндер күрөшү сыяктуу өтө популярдуу эмес. Бирок биз кыздар арасында бул спортту жайылтууга кызыкдарбыз жана бул багытта иштей беребиз", - деди Айжан Кадырбекова.

Үч бурчтук ыкмасын жасап жаткан спортчу. Үч бурчтук - жиу-житсуда негизги деп саналган үч ыкманын бири. Мында балбан атаандашынын башын буту менен кысып, колун өзүнө карай тартып, багынтууга аргасыз кылат.

Жиу-житсу Жайкы Азия оюндарынын программасына кирген. 2018-жылы Жакартада өткөн Жайкы Азия оюндарында кыргызстандык төрт спортчу - Төрөкан Багынбай уулу алтын, Нурсултан Алымкулов күмүш жана бир тууган ага-инилер Абдурахманхажи жана Муртазали Муртазалиевдер эки коло медаль утуп келген. Кыздар арасында Айжан Кадырбекова дүйнө чемпиону болгон.