2022-жылкы Олимпиада Бээжинде өтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл аралык олимпиада комитети Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 2022-жылы Кышкы олимп оюндары Бээжинде өтөт деп аныктады. Кышкы оюндарды өткөрүү үчүн эки шаар - Бээжин менен Алматы ат салышты. Бул эки шаар Европанын Осло жана Стокгольм шаарлары саясий жана финансылык себептерден улам өз талапкерлигин алып салган соң негизги талапкер болуп калган. 2022-жылы дүйнөлүк оюндар 4-20-февралда өтөт.