Ош: жашоочулар турак үйдүн бүтпөй турганына нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарында ишкер Жалил Атамбаевге тиешеси бар делген “ЖБК-строй” курулуш компаниясынан батир сатып алгандар турак жайдын инженердик-коммуникациялык иштери толук бүтпөй калганына нааразы. Мэрия мындай көрүнүшкө куруучулар батир ээлеринин карызы бар экенин жүйө келтирет дейт. Шаардык прокуратура бул боюнча козголгон иш кайра жанданганын, тергөө эки айдан кийин аяктай турганын билдирген.