Түрк дүйнөсүнүн борборундагы Ош

Ош шаарында «Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаты өтүүдө.

Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган.

Маданий иш-чаралар сүмөлөк кайнаткан казанды ачуу менен башталды.

Иш-чарага бир нече түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

Буга чейин бул макам Казакстандын жана Түркиянын эки шаарына берилген.

Ош шаарынын дээрлик бардык жеринде ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулду.

Оштун борбордук аянтында «Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деген сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Аземге президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Роза Рымбаева.

Азем кечинде концерттик иш-чара менен коштолду.

Ош шаары быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн мааний борбору деп жарыяланган. 20-мартта Ош шаары макамдуу жылдын ачылыш аземин өткөрдү. Аны кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков ачты. Ачылыш аземине бир нече түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.