Асманга жакын Памир кыргыздары

Памир кыргыздарынын балдары. Кичинекей баланын далысына ата-энеси тумар тагып коюшкан. Медициналык жардам алуу өтө сейрек кездешкен бул аймактагы жергиликтүү тургандар "тумар баланы оору-сыркоодон сактайт" деп ишенишет.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Вахан коридорунда Памир кыргыздарына таандык мал жайылып жүрөт. 

Кичи Памирдеги Хашт-Гозе аймагында жайгашкан көчмөн элдин кыштоосу. Бул жерде бышкан кирпичтен курулган конок үйү, мечит жана дубалы таштан тургузулган короо бар.  

Курман айт күнү жайылган дастаркон. Тамак-аштын артынан конокторго жуурат, койдун куйругунун майы кошулган чай сунулат. 

Памир тоолорунун боорундагы жалгыз аяк жол менен Гоз-Хуне өрөөнүнүн ылдый жагында жайгашкан базарды көздөй бара жаткан эки өркөчтүү төөлөр.
 

Памирлик кыргыз аял жаңы кийим тигиш үчүн таарды кылдат кесип жатат. Баласы анын ишине көз салып жаткан учуру. 

Жай аяктап жердин бетин муз каптаган учурда малга кышкы тоют чогултулат. Ал үчүн жергиликтүү тургундар сугат жерлердеги чөптөрдү колго оруп, чогултушат.  

Нан, чай жана таш туз - памир кыргыздарынын кадимки нанүштөсү. Кээде гана дастарконго быштак коюлат. Кечки тамакка эт менен күрүч. Памир кыргыздарынын туура эмес тамактануусунан улам аларда жашылча-жемиштерден жана мөмө-жемиштен ала турган витаминдердин жетишсиздиги байкалат. 




 

Самаат Хан Кыргызстанга жер которуп кеткен туугандарынын малын карап Памирде калган. 

Кыштоодогу бышкан кирпичтен курулган үйдө китеп окуп жаткан кыз. 

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоодо жашаган көчмөн элдин боз үйлөрү.  

Памир көчмөндөрү жайдын аягында боз үйлөрүн чогултуп, кыштоого бара жатат. 

Кыштоодогу топурактан салынган сокмо дубалдар тургундарды кышкы шамалдан сактаса,  таштан тургузулган короо түнкүсүн малды жырткычтардан коргойт. 

Бийик тоо ашуулары Вахан коридорун жогорку Памир тоолорунан бөлүп турат.

Кечке жуук малын дүрбүдөн карап жаткан киши. 

Улуу Памир менен Кичи Памирди бириктирген Вахан коридорунун картадан көрүнүшү. Ооганстан.

Антрополог Тобиас Маршалл 2015-2019-жылдар аралыгында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоолорду байырлаган көчмөн эл менен 11 ай жашаган.