Согуш жана оорук

Айылдык актив колхозчуларга согуштан келген каттарды окуп берүүдө. ​ (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Фронттогу жоокерлерге концерт коюп барган Кыргыздрама театрдын артисттери: Исмаилова, Эралиева,  Алиева. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Согуш мезгилиндеги Бишкектеги госпиталдардын бири. Согуш жылдарында Кыргызстанда 25 аскер госпиталы болгон. (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Кыргызстандагы Фрунзе заводу биринчилерден болуп майданга өтө зарыл атайын заказдарды кабыл алган. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Кыргызстандан барган делегациянын атынан сүйлөп жаткан Күлүйпа Кондучалова. Ленинград. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Согуш мезгилиндеги ооруктагы турмуш. Кыргызстандын ар улуттан турган эмгекчилери согуш жылдары коргонуу фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 миллион сом акча, 946 миллион сомдук облигация ж-а 59 кг. күмүш жыйнап беришкен. Эгин, эт, май, жүн берип турушкан. Согуш жылдары республиканын калкы 1 миллиард 47 миллион сомго облигация, 156 миллион сомго акча-буюм лотереясын алышкан. Майданга 196 вагон белек жиберилген. 

1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урмамбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутун кесип салышкан. Урмамбетов кыргыз коомчулугуна акын катары да белгилүү. 75 жашында ыр жазып баштаган ардагер бир канча китептин автору. ​Учурда ал Бишкек шаарында жашайт. (Жеке архивдеги сүрөт)
 

Кан майданга барууну суранган ыктыярчылардын каты. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Асек Урмамбетов (биринчи катарда оңдо) Украинадагы госпиталда. 1943-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)

Асек Урмамбетов согуштан келгенден кийин Жети-Өгүз районунда бухгалтер болуп иштеп тургандагы сүрөтү. 1948-жыл. (Жеке архивдеги сүрөт)

Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков. 1944-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Согуш жылдарындагы гезитке чыккан кайрылуулар. ​ ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Кыргызстандык жоокерлердин танкисттер колоннасы. ​​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Согуштан кайткан жоокерлерди тосуп алуу. Фрунзедеги темир жол бекети. 1945-жыл. ​(Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.