Түркмөнстан: Борбор Азиянын жабык падышалыгы

Сүрөтчү Амос Чаппл 2012-жылдын жайында Түркмөнстанда болгон. Бул сүрөттөрдүн айрымдары биринчи жолу чыгып жатат. Анда жабык өлкөдөгү кызыктуу, ошол эле учурда жүрөк үшүн алган сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Эже-сиңди эгиздер Ашхабаддагы аттракциондордун биринде.

Ашхабаддагы никелешүү өргөөсүнүн кире беришин жууп жаткан аял.

Никелешүү өргөөсү топ сыяктуу айнек терезелер, Түркмөнстандын картасы жана президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун портрети менен кооздолгон.

Никелешүү өргөөсүнө жакын жердеги жолдо иштеп жаткан жумушчу. Жумушчулар бет капты куйкалаган аптаптан сактаныш үчүн колдонушат. Түркмөнстанда жайкысын абанын температурасы +50 градустан ашат.

Никелешүү өргөөсүнөн Ашхабаддын борборун көздөй бара жаткан лимузин.

Фантастикалык кинолордогу телепортация станциясынын элесин берген телефон будкасы.

Ашхабаддын айланма жолундагы чоң термометр жана түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухаммедовдун сүрөттөрүн тынбай көрсөтүп турган чоң экран.

​2019-жылы сөз эркиндиги боюнча Түркмөнстан дүйнөдө акыркы орунда турат.

Таксинин алдыңкы бөлүгүнө коюлган Бердымухаммедовдун портрети. Билими боюнча тиш дарыгери Бердымухаммедов 2006-жылы декабрда бийликке келген. Ал мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун жолун жолдоп, жеке адамга сыйынуу идеясы менен өлкөнү репрессиялык режимде башкарып келет.

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун алтын жалатылган 12 метрлик эстелиги. Ниязов Түркмөнстанды 1990-жылдан 2006-жылга чейин башкарган. Ал 2006-жылы 21-декабрда каза болгон.

Бейтараптык монументиндеги Ниязовдун эстелиги. Мурун ал Ашхабаддын так ортосунда жайгашып, эстелик күн менен кошо айланып турган.

Бейтараптык монументиндеги алтын жалатылган оймо, сүрөттөр. 2010-жылы Бердымухаммедовдун буйругу менен монумент Ашхабаддын сыртына көчүрүлгөн.

Ниязовдун алтын түстөгү эстелиги эми күндү ээрчип айланбайт.

Чоң жолду шыпырып жаткан жумушчу. Шаарды каптап келе жаткан куюн алдында Ашхабадды көздөй кеткен жол бош турат.

Кызы менен шамалдан жашынып турган аял.

Конституция монументи (солдо) жана Түркмөнстан мунарасы (оңдо). 185 метрлик монумент Түркмөнстандагы эң бийик курулуш болуп саналат.

Конституция момументиндеги ардактуу кароол. Эстеликтердин көпчүлүгү сыяктуу эле анын аянты да бош турат.

Конституция монументинин астынан чыгып бара жаткан киши.

Ашхабаддын чет жакасындагы ээн талаа.

Ашхабаддагы Эгемендик монументин тегерете орнотулган байыркы түркмөн аскерлеринин жана жетекчилеринин эстеликтеринин бири.

Байыркы түркмөн аскери Ашхабадды карап турат.

Ашхабаддын айланасындагы тоолорго салынган «Ден соолук чыйыр жолунан» бараткан жалгыз адам. Чыйыр жолдун узундугу 37 чакырым.

«Алем» маданий жана оюн-зоок борборунан чыгып келе жаткан жаштар.

Мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун монументи.

Ашхабаддын түндүгүндөгү чөлдө жайгашкан жакыр кыштак.

Кыштактагы кашаадан чыгып келе жаткан эки төө.

Сүрөтчү Амос Чаппл «Дарваза» газ чуңкурунун чекесинде турат. «Тозок дарбазасы» деген ат менен белгилүү кратер 1970-жылдан бери күйүп турат.

Совет доорунан калган МиГ аскер учагынын калдыктарын карап жаткан такси айдоочусу. Учактын эң керектүү бөлүктөрүн алып кетишкен.

Июлдун ысык күндөрүндө суусун кандырып жаткан түркмөн бала. ​