Орусиядагы митинг, Оогандагы калаба

Брюсселде ысыктан качып, фонтанда ойноп жаткан бала.

Нааразылык акциясына чыгып жараат алган митингчилердин бирин милиция алып кетип жаткан учур. 27-июлда Москва шаарында Думага катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп чыккандардын ичинен 1300дөй адам кармалган.

Украинанын аскер адамдары Одессанын жанында машыгып жатат. 27-июль.

Улгайган аял Киевде башын күндөн калкалап, кайыр сурап отурат. 

Пакистандын оппозициячыл партияларынын тарапташтары желек көтөрүп, өкмөт башчы Имран Ханга каршы "Кара күн" деп аталган нааразылык акциясына чыгышты.

Орусиялык Никита Федотов сууга секирүү боюнча мелдеште күчүн сынап жатат. Сууга секирүү боюнча Дүйнөлүк Чемпионат быйыл Түштүк Кореянын Гвангжу шаарында өттү.

Кытайдагы Ички Монголия деп аталган монголдордун автономдук аймагында жайылып жүргөн жылкылар.

Ооган балдар Кабулдагы жанкечтинин автоунаасынан калган калдыктарды чогултуп жүрөт. 24-июлдагы конвойго кол салуудан бир жоокер каза болуп, экөө катуу жараат алган.

"Союз МС-13" ракетасы Байкоңур космодромунан учаар алдында италиялык австронавт Люца Пармитано туугандарынын бирине кол булгалап жаткан чагы.

Лахордогу катуу жаандан кийин көчөдө соода кылган сатуучу арабасын түртүп баратат. Анын артында пакистандык балдар ойноп жатышат.

Орусиянын борбору Москвада ишемби күнкү нааразылык акциясында кармалгандардын соту бүгүн өтүп жатат. "ОВД-Инфо" укук коргоо порталы соттук жараяндар Москванын баш-аягы 22 сотунда өтөөрүн маалымдады.

Косовонун батышындагы Гжакова шаарында көпүрөдөн дарыяга секирип жаткан киши.