Алматы: даңазалуу учкучтун зыйнаты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алматыда 93 жашында дүйнө салган СССРдин эки жолку баатыры Талгат Бегельдинов акыркы сапарга узатылды. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда СССРдин Баатыры наамын эки ирет алган жалгыз казак болгон. Бегельдинов 1922-жылдын 5-августунда мурдагы Пишпек, азыркы Бишкекте жарык дүйнөгө келген. Алматы, 12-ноябрь 2014-жыл. ("Азаттыктын" казак кызматы)