Кыйын кезеңге кептелген Борбор Азия

Астана.

Борбор Азия чөлкөмү быйыл экономикалык кризиске кептелери күн мурунтан белгилүү болгону менен аймактагы өлкөлөрдүн башчылары анын залдарын азайтуунун амалын табалбай отурат.

Аймакта жаңы жылдын алгачкы айында эле экономикалык абал кескин начарлаганы айкын болду. Өзгөчө мунай соодасынан түшкөн кирешеге туйтунуп келген аймактын эң ири өлкөсү - Казакстан да мунай арзандашы менен алапайын таппай турган кези.

Мунай баасы "муунткан" экономика

Британияда жайгашкан Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун Орусия, Кавказ жана Борбор Азия боюнча аналитиги Алекс Найс дүйнөлүк базарда мунай арзандашы экономикасы мунай соодасына түздөн-түз көз каранды болгон Казакстанга олуттуу таасир эткенин айтат.

- Казак өкмөтү былтыр экономикада бир жарым пайыз өсүш болот деп болжогон. Биздин уюм быйыл бул өлкөдө төмөндөө болуп, 1998-жылдан берки алгачкы кыскарууга, рецессияга кабыларын болжоп жатат.

Мунай арзандашы экономикасы газ соодасына байланган Түркмөнстанга да кыйла таасир көрсөттү. Бирок өзүн жабык кармаган бул өлкөнүн ичинде эмне болуп жатканын билүү мүмкүн эмес.

Дүйнөлүк базардагы абалдын таасири миллиондогон борборазиялык мигранттар жан багып жүргөн Орусияга да тийди. Былтыр Орусиядагы мигранттар өз өлкөлөрүнө жиберген акчанын көлөмү да кескин азайган. Бул абал баарынан сыртка чыккан мигранттардын жиберген акчасына көбүрөөк көз каранды Кыргызстан менен Тажикстанда өзгөчө байкалды. Алардан келген акча бул эки өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 40% тете эле. Орусиядагы өзбек жарандары да кризис башталганга чейин жылына 6 миллиард доллар чамасында акча жиберип турчу.

Орусиядагы кризистен улам мигранттар башка өлкөлөргө орун которушу мүмкүндүгү да айтылууда. Бирок эксперт Алекс Найс алардын көбүндө башка барар жери жоктугун айтат:

- Тарыхый байланыштарга жана виза тартибинен улам аларга Орусия эң ыңгайлуу өлкө. Орусияда жашоо канчалык кыйындаганы менен Жакынкы Чыгышка, Европага же Азиянын башка бөлүктөрүнө баргандан көрө бул өлкөдө калуу мигранттар үчүн ийги, – дейт британ аналитиги.

Ооздукталган оппозиция

Серепчилер экономикалык абал начарлашынан корккон казак жана тажик өкмөттөрү эл ичиндеги бөтөнчө ойлонгон, оппозициялык маанайдагы адамдарды кысмактоого өткөнүн да белгилешкен.

Freedom House укук коргоо уюмунун Nations in Transit долбоорунун башчысы жана Foreign Policy басылмасына жакында эле чыккан “Борбор Азиядагы кыйын кырдаал” деп аталган макаланын автору Нейт Шенккан тажик өкмөтү былтыр аймактагы жападан жалгыз расмий катталган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" ишмердигине тыюу салып, экстремисттик деп жарыялаганын мисал келтирет. Мындан кийин президент Рахмон бийлигин чыңдоого киришти. Былтыр жыл соңунда өзүн “Улут көсөмү” деп жарыялаган тажик президенти өткөн жумада 38 жаштагы кызын президенттик аппараттын башчылыгына дайындады. Казак президенти Назарбаев болсо жакындарын жогорку кызматтарга мурдатан эле дайындап келген. Былтыр анын тун кызы Дарига вице-премьерликке киришсе, жыл соңунда 37 жаштагы жээни Самат Абишти Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басарлыгына алып келди.

Серепчилердин баамында, минтип оппозицияны кысмактап, сын айткандардын оозун жабуу менен азганактай гана топтун коопсуздугун камсыздоого болот, бирок турмуш-шарттын начарлашына байланыштуу калың эл баш көтөрчү болсо аларды токтотуу алда канча кыйынга турат.

Туш тараптан тутанган нааразылыктар

Акыркы жылда Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө улуттук валюта кунун жоготууда. Эсеби маселен, соңку алты айда Казакстанда эле бир доллар 180ден 360 теңгеге чейин өсүп кетти. Бул да элди көчөгө чыгарчу жагдайлардын бири болуп калды. Айталы, нааразылык акциялар сейрек болчу Казакстанда 16-январда долларга ипотекалык насыя алган тургундар карызын теңге менен эсептөө талабы менен чыкты.

Нааразылык акциялары деле болуп көрбөгөн Түркмөнстанда да былтыр Лебап шаарында газ мекемесинин айлыктарын ала албаган жумушчулары көчөгө чыкты. Бул автократиялык өлкөдө соңку 20 жылдагы алгачкы нааразылык акциясы болду. Айрым малыматтарга караганда, Түркмөнстандын газ тармагында киреше азайышынан улам эми жумушчулардын тең жарымы кыскарышы ыктымал.

Кошуна Өзбекстанда да айлыктарын убагында ала албагандардын саны күн санап көбөйүүдө. Арасында мамлекеттик мекемелерде иштегендер да бар. Электр энергиясы менен газ жетишсиздигинен улам өлкөнүн ар кайсы аймактарында нааразылыкка чыккандар да жок эмес. Былтыр 18-декабрда Фергана шаарынын 200 чакты тургуну газ жоктугунан Маргалаң шаарына кеткен жолду бууп салышкан. Полиция менен шаар бийлиги газ баллондорду жеткирип берүүгө убада бергенден кийин гана жол тоскондор тараган.

Серепчилер деген менен аймактагы өлкөлөрдүн башчылары кыйынчылыкка алып келген бул маселелерди чече албасы аныктыгын, анткени ал бир айда чече койчу маселе эместигин, алардын тамыры тереңде жатканын айтышууда. Андыктан социалдык программалар кыскарып, айлык акылар азайышы жана жумушсуздук дагы да көбөйүшү мүмкүн.