Немцовсуз беш жыл

Борис Немцов. Архивдик сүрөт.

Орусиянын көрүнүктүү  оппозициялык лидери, демократиялык саясатчынын өлтүрүлгөнүнө 27-февралда беш жыл болот.  

«Путин элдин калың катмарында кулдук, кул ээлөөчүлүк психологияны өндүрүп, цинизм менен патернализмди жайылтып, билермандык менен «тынч отургула, мен баарыңардан акылдуумун, мен эмне кылышты билем, тоскоол болбогула» деп элди басып коюп жатат.

Бул өлкөнү туңгуюкка алып барчу сценарий. Демилгелерди колдоого алып, адамдарга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнүн ордуна ал баарын тикенек зым менен тосуп алды».

Бул сөздөр маркум саясатчы, Кремлдин келишкис каршылашы Борис Немцовго таандык.

Орусиянын көрүнүктүү оппозициялык лидери, демократиячыл саясатчынын өлтүрүлгөнүнө 27-февралда беш жыл болот.

Дагы караңыз Немцовдун өлүмү: буйрук бергендер аталбады

Түн ичинде Кремлдин жанындагы Чоң Москворецк көпүрөсүндө бир айым менен сейилдеп бараткан 55 жаштагы Немцовду артынан атып кетишкен.

90-жылдары Борис Ельциндин ишенимдүү адамы болуп, облус акиминен вице-премьерлик кызматтарга чейин дайындалган Немцов Владимир Путиндин убагында оппозициялык кыймылдын башкы идеологуна айланган.

Ал мамлекеттик кызматтарда жүргөндө басма сөз катчысы, жардамчысы болуп бир топ жыл бирге иштеген Александр Котюсов Путин бийликке келгенден кийин Немцовго бир катар кызматтар сунушталганын, бирок саясатчы макул болбогонун эскерди:

Александр Котюсов.

«Ал өзүн сатпай, эч кимге көз каранды болбой, өз оюн эркин айтып, өзү бойдон өзгөрбөй калууну каалачу. Вертикалдуу бийликте иштеп калсаң, сенин федералдык же муниципалдык кызматыңа карабай, баары бир бийликтин сөзүн сүйлөшүң керек болот. Сөзүң кыскарып калат. Өз оюңа дал келбесе да, жалпы риториканы бузбашың керек. Борис мындай нерсени эч качан кабыл алмак эмес».

Борис Немцов 1959-жылы Сочиде туулуп, балалыгы мурдагы Горький, азыркы Нижний Новгород шаарында өткөн. Орто мектепти алтын медаль менен аяктап, Н.И.Лобачевский атындагы мамлекеттик университетте илимге сүңгүп бараткан жаш физик шаарда атомдук станциянын курулушуна каршы апасы Дина Эйдман жетектеген кыймылга кошулуп, элдин колдоосуна ээ болуп, чоң саясатка сапарын ошондо баштаган.

1990-жылы РСФСРдин эл депутаты болуп шайланган. Кичи мекени Горький облусунда аким, Нижегород облусунун губернатору болуп иштеп, 1997-жылы Орусияда социалдык саясат, транспорт жана энергетика тармагын тескеген биринчи вице-премьерликке дайындалган.

Губернаторлук кызматтагы реформатордук иши менен, ошондой эле Ельциндин мураскери катары таанылып калган Немцовду 1997-жылы «Общественное мнение» фондунун сурамжылоосуна ылайык, калктын дээрлик 29% өлкөнүн болочок президенти катары көргүсү келерин билдирген. Бир жыл өтпөй эле дефолттон кийин өкмөт таркатылып, ал кызматынан кеткен. 1999-жылы Ельцин мураскери катары Владимир Путинди көрсөткөндө «президенттикке татыктуу» деп колдоп берген.

Немцов Сергей Кириенко жана Ирина Хакамада менен бирге түптөгөн «Союз правых сил» партиясы 2003-жылы да, 2007-жылы да Мамлекеттик Думага шайлоого катышып, бирок беш пайыздык чектен өтө албай калган. Ошондо орус бийлигинин кысымы тууралуу айтып, бийликке каршы жүрүштөргө катышып, салмактуу оппозиционерге айланган.

2008-жылы Владимир Милов менен бирге «Путин. Итоги» деген баяндама даярдап, Путиндин ишмердиги менен бийлигиндеги коррупцияны ачыкка чыгарган. Мындай баяндарды ал киши колдуу болгонго чейин жыл сайын чыгарып турган. «Солидарность» кыймылын, «РПР-Парнас» партиясын негиздөөчүлөрдүн бири.

Акыркы жылдары «Евромайданды» ачык колдоп, Крымдын аннексияланышына каршы чыгып, Донбасстан орусиялык аскерлердин чыгарылышын талап кылып жүргөн. 2013-жылдан тартып Ярослав облустук думасына депутат болуп туруктуу кызматта иштеген.

Орусиянын мурунку премьер-министри, «РПР-Парнас» партиясындагы үзөңгүлөшү Михаил Касьянов Немцов ошол маалда эле Орусиядагы азыркы саясий абалды көрөгөчтүк менен эскерткенин бегилейт:

Михаил Касьянов.

«Карагылачы, азыр эмне болуп жатат? Борис эскерткендей, бийликти мыйзамсыз басып алышты. Путин Конституцияга сунуш кылган өзгөрүүлөр - бул узурпация. Орусиялыктардын социалдык жашоосун жакшыртуу деген бул жөн гана көз боёмочулук, бул президенттин бийлигин күчөтүү, бийликти бекемдөө аракети. Борис акыры дал ушундай болорун айтчу. Бийлик анын айтканындай эле болуп баратат».

Ал эми дээрлик 30 жыл мурун Нижний Новгородогу жаш губернатордун ишмердигин, чоң саясатка аттанган алгачкы кадамдарын чагылдырып, Немцов тууралуу биринчи документалдык тасма жараткан журналист Нина Зверева Борис Немцов күрдөөлдүү күрөшчүл өмүрү менен эсте калганын белгиледи:

Нина Зверева.

«Культ кылуунун кереги жок, ага сыйынуунун кереги жок. Муну ал өзү эч качан кааламак эмес. Ал кадимки эле адам, катачылыктары, жаңылган, адашкан айыбы менен, өзүнүн мүнөзү, жеңиштери жана утулган учурлары менен. Мунун баары болгон. Бирок өкмөткө кызмат кылууну ал чын дили, ак ниети менен тандаган. Ал өлкөнү өзгөртүүнү каалаган. Ушунчалык жылдыздуу эле, ак көңүлдүгү, акылдуулугу, ички сулуулугу –мунун баары аны чоң баатырга айлантып, адамдарды имерип, өзүнө тарткан болсо керек. Ар бир саясатчы бейтааныш адамдар эле анын сүрөтүн көтөрүп алып, көпүрөдө күнү-түнү турганын, бардык кыйынчылык, чектөөлөргө карабай аны эскерип коюу укугу үчүн күрөшүн токтотпой жатканын кыялданат болуш керек. Мындан артык эмне бар?»

Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча Москва соту «кылмышты аткарган» деп Заур Дадаевди, Анзор жана Шадид Губашевдерди, Темирлан Эскерхановду, Хамзат Бахаевди 11 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. Ал эми дагы бир шектүү - Беслан Шаванов - күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аны кармоого аракет кылганда өзүн өзү жардырып жиберген. Немцовдордун үй-бүлөсү былтыр анын өлүмү үчүн айыптап, айыпталуучулар көрсөтмөлөрүндө атын атаган менен тергөөгө бир да жолу суракка чакырылбаган Руслан Геремеевдин АКШнын санкциялык тизмесине киргизүүгө жетишкен.

Дагы караңыз Немцовдун өлүмүндөгү “чечен изи”

Чечен лидери Рамзан Кадыров ИИМге караштуу «Север» батальонунун аскери, 20 жылга соттолгон Заур Дадаевди «Орусиянын чыныгы мекенчили» катары, ал эми өзүн жардырып жиберген Беслан Шаванов менен учурда жүргөн жери белгисиз Руслан Геремеевди «өзүнүн кыйын аскерлери» деп сүрөттөгөнү бар.

Немцовдун өлүмү боюнча соттолгондор «аткаруучулар гана» болгону айтылган менен кылмышка ким буйрук бергени азыркыга чейин аныктала элек.

Жакында эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Орусияны кайрадан тергөө ишин жандандырып, Парламенттик ассамблеяга материалдарды өткөрүп берүүгө чакырган. Буга жооп кайтарган Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөнү эл аралык деңгээлде жүргүзүү Орусиянын мыйзамдарына туура келбей турганын айткан. ТИМ кылмыш ишинин материалдарында «мамлекеттик сыр» камтылганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​