Якутиялык сүрөтчү Алексей Васильев “Менин ардактуу Якутиям” аттуу сүрөт долбоордун автору. Анын сүрөттөрүнөн ыраакы түндүктүн сыйкырдуу жашоосунун илеби уруп турат.
"Саардана" көркөм кол өнөрчүлүк фабрикасы салттуу кышкы бут кийимдерди, тон жана сувенирлерди чыгарат. Ал 1969-жылы негизделген.
"Мен 2012-2013-жылдары социалдык тармактар пайда болгон учурда сүрөт тарта баштагам. "Инстаграм" эмгектеримди жарыялаган биринчи чыгармачыл платформа болуп калды. Бекерчиликтен чарчаганда сүрөт тартчумун. Ал учурда гезитте иштеп жүргөм, жумушум мага ыракат тартуулачу эмес".
"Сүрөт менен алектене баштаганда мыкты, кызыктуу текст жазуунун кажети жок экенин түшүндүм. Сүрөт мени кызыксыз жашоодон сууруп чыккан куткаруучу болду".
Алексей Васильев.
Васильев фотожурналист Андрей Стенина атындагы эл аралык “Менин планетам” аттуу фотожурналистика сынагынын жеңүүчүсү. Орусиянын жаш сүрөтчүлөр сынагынан лауреаты жана "LensCulture Street Photography 2016" дүйнөлүк беделдүү сүрөт сынагынын финалчысы.
“Эшикте 40 градуска чейин суук болгондо мен көчөгө чыгып эле сүрөт тарта берчүмүн. Бул учурда шаарды туман каптап, кайгылуу жомокту элестетип калат. "Сайлент-Хилл" киносундай болуп көчө бош, жолоочулар дээрлик жок жана атмосфера өтө таң калычтуу. Мындай учурда тумандагы мамонт тирүүдөй көрүнөт”, - дейт фотограф.
Кудайды чокундуруу майрамы учурунда Якутск шаарында чокунуу үчүн атайын чатырлар орнотулат.
Якутск - дүйнөдөгү эң суук шаар болуп саналат. Мында абанын температурасы кышкысын -50 градуска чейин түшөт.
Якутиянын көчөлөрүнүн биринде тартылган Алексейдин бул сүрөтү беделдүү фото сыйлыкты утуп алган.
"Мен көчөдө сүрөт тартып жүргөн учурда кишилер жаныма басып келип, эмнени тартып жатканымды сурай беришет. "Тыңчысыңбы?" деп да сурашат. Менимче, мындай "паранойя" азыркы Орусиянын жарандарына гана мүнөздүү", - дейт Васильев.
Дүйнөдөгү эң суук базарда кутуларды көтөрүп бара жаткан жумушчу. Бул базарда тоңдурулган эт менен балык ачык жерде сатылат.
"Азыр мен көчөдө дээрлик сүрөт тартпай калдым, - деди ал. Мурда көчөдө эки-үч сааттап жүрүп, бейтааныш адамдарды сүрөткө тарта берчүмүн. Азыр антип тартуу этикага жатпай турганын түшүндүм. Мен ал адамдын сүрөтүн уруксаты жок тартууга жана анын сүрөтүн фотодолбоорго колдонууга укугум барбы? Көбүнчө адамдар аларды сүрөткө тартуумду каалашпайт".
"Бирок сүрөткө тарып коюшумду суранган адамдар да бар. Эркин күрөш - Якутияда номер биринчи спорт болуп саналат. Бизде бул спорттун түрүнөн дүйнөнүн, Орусиянын чемпиондору жана Олимпиада оюндарынын катышуучулары көп. Якутиядагы спорттук олимпиадалык резервдеги мектепте сүрөт тартып жаткан учурда бул бала айылдагы ата-энеси үчүн аны сүрөткө тартышымды суранган эле".
"Мохсоголлох кыштагы Якутск шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Менин сүрөт тартканга ыңгайлуу сүйүктүү жерим. Мында советтик эстетика сакталып калган".
Эгиздер Семён менен Степан тасма тартуу учурунда. Алар долгачайларды - саздагы миф жандыктардын ролун ойношот.
"Менин "Саха Вуд" долбоорум 2019-жылы якутиялык кинорежиссер менен иштешкен учурда жаралган. Мен жети киносъемкага катыштым. Азыр Якутияда кинобум болуп жаткан учур. Бизде комедия, мелодрама жана тирукмуш (ужас) жанрындагы кинолорду тартышат. Акыркы убакта фантастикалык, мифологиялык кинолорду да тарта башташты.
Бул эгиздер якут жомогунун негизинде тартылган “Бирбирикен кемпир беш уй менен" тасмасында роль жаратышкан. Балдар долгачай деп аталган мифологиялык саз жандыктарын ойношкон. Көпчүлүк адамдар бул жандыктар “Жылдыздар согушу” тасмасындагы каармандарга окшош экенин айтышат".
“Бирбирикен кемпир беш уй менен" тасмасында роль жаратып жаткан актёрлор. Август, 2019-жыл.
"Бул сцена ошол эле якут жомогундагы ак менен каранын кармашы чагылдырылган бөлүгү. Якуттардын ишеними боюнча дүйнө үч бөлүктөн турат: асман дүйнөсү, ортоңку адамдардын дүйнөсү жана төмөнкү кара рухтардын дүйнөсү.
Бул жердеги кино жаратуучуларды кыялкечтер деп атасак болот. Анткени алар эч кандай каражаты жок эле өздөрүнө жаккан жумушту жасап жүрөт. Айрымдары жумушун таштап кетсе, кээ бири насыяга батса да кино тартканга аракет кылат. Айрым учурда гана мыкты тасмалар жаралбаса, незигинен ышкыбоздордун гана тасмасы бойдон кала берет".
"Бул якут телекөрүүчүлөрүнүн кадимки портрети. Мен кино тартуучу топ кимдер үчүн иштеп жатканын көрсөткүм келген. Башында кинотеатрдагы көрүүчүлөрдү сүрөткө тарткам. Бирок мага ал сүрөттөр жакпай калып, баарын өчүргөм. Көп өтпөй досумдун үйүнө конокко барган учурда, алардын сыналгынын алдында жатканын көрүп сүрөткө тартып алдым. Мен долбоордун көрүүчүлөрү үчүн ушул маанайды берүүгө аракет кылып жаткан элем".
Моргдогу сөөктүн ролун жаратып жаткан актёр.
"Бул сүрөттү 1996-жылы тартылган тасманын уландысы - "Каргышка калган жер" аттуу коркунучтуу, мистикалык драма тартылып жаткан учурда тартып алгам. Тасма заманбап якут киносунун классикасы болуп саналат. 2019-жылы анын уландысы тартылган. Бул жерде башкы каарман сөөктү таануу үчүн өлүк сактоочу жайга келген жери чагылдырылган... Маркумдун ролун аткарып жаткан актердун съёмка ортосундагы танаписте вейп (электрондук тамеки же кальян) чегип жаткан учуру. Якутияда вейп абдан популярдуу".
18 жаштагы Юля.
"Бир жолу менден "The Moscow Times" гезити Путиндин доорунда туулуп-өскөн 18 жаштагы өспүрүмдөрдүн портретин тартып беришимди суранды. Бул кыз “Путин муунунан”. Азыр ал Москвада окуйт. Ал жакта (Москвада) жигердүү жарандык позициясы бар жаштар арбын. Ал эми бизде (Якутияда)... Билбейм, балким алар кайда барып окуйм, анан кайда иштейм деп көбүрөөк ойлонушса керек...
Фотосессия учурунда бул кыз саясатка такыр кызыкпай турганын билдирген. Менимче, биздин аймактагы жаштар Путин жөнүндө көп ойлонбойт деле".
"Ушул жылдын октябрь айында бугуларга байланган чанага түшүп алып, тоо аралап Якутиянын түндүк-чыгышындагы Томпонский улусуна бардык. Абанын температурасы болжол менен -30 градус болчу. Суукта тоо аралап жүрүүнүн өзү эле экстремалдуу сапар. Ошол себептен да менин эсимде калган фотосъемка болду"- дейт Алексей Васильев.
Сүрөтчү өзү жашаган аймактын азыркы образын тарыхта калтыргысы келет.
"Көп жылдардан кийин адамдар менин сүрөттөрүмдү көрүп алыскы, суук жана мен үчүн сүйүктүү болгон Якутиянын жашоосу тууралуу элестете алат деп үмүттөнөм", - деген Алексей Васильевдин сүрөттөрүн анын Инстаграм баракчасынан көрсөңүз болот.