Орусиялыктар картошка гана жеп калдыбы?

Иллюстрация

"Коммерсантъ" басылмасы Орусияда элдин тамак-аш сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайганын маалымдады.

Орусиялыктар рублдин куну кеткенине карабай жабылып доллар сатып алып жатышканын "Коммерсантъ" басылмасы жазды. Орусиянын статкомитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын июль айында орусиялыктар тапкан кирешесинин 5 пайызын АКШ долларын сатып алууга коротушкан. Эксперттер мындай көрүнүш доллардын курсу кескин көтөрүлгөнүнө карабай уланып жатканын белгилешет. Апрель айында орусиялыктар тапкан кирешесинин 4,8 пайызына 5 миллиард доллар сатып алышса, июлда 3 миллиард доллар гана сатып алууга жетишкен. Статкомитет былтыркы жылга салыштырмалуу январь-июль айларында калктын азык-түлүк жана тамак-аш сатып алуу мүмкүнчүлүгү кескин азайганын кошумчалап, орусиялыктар бир гана картошка, туз жана тыш кийим сатып алууну токтотпогонун эскерткен.

Казакстандын Кытай менен тил табышуусу

Казакстан менен Кытай 23 миллиард долларлык келишимге кол коюшканына "Взгляд" басылмасы да токтолду. Макалада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Бээжинге иш сапарында эки өлкө ортосунда 45 долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын ичинен 25 долбоорду каржылоого 23 миллиард доллар өлчөмүндөгү келишимге кол коюлганы айтылат. Казак президенти Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө жыйырма жылдан ашуун энергетика жана жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташып келген казак-кытай тарап эми автоунаа куруу жана табигый ресурстарды кайра иштетүүгө өтүшөрүн белгилеген. Буга чейин Казакстан аркылуу Орусияга өтүүчү автоунаа жолу, Иран аркылуу Перс булуңуна чыгуучу темир жолу, Каспий деңизинде кеме порттору жана Борбор Азия өлкөлөрүн байланыштырган Хоргос көзөмөл-өткөрмө пункту курулгандыгы кошумчаланат. Басылма Кытай Улуу Жибек жолунун Казакстан аркылуу өтүүчү бөлүгү толугу менен даяр деген корутундуга келгенин да маалымдаган.

Дүйшөмбү Кремл менен соодалашабы?

Каримов Вашингтон ыгына кирбегенин "Независимая газета" жазып чыкты. Макалада Өзбекстан “Ислам мамлекети” экстремисттер тобуна каршы күрөшүүчү коалицияга кошулбастыгын билдиргени айтылат. Өзбек президенти Ислам Каримов өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналган салтанаттуу мааракеде “Өзбекстан өзүнүн аймагында чет элдик аскердик базаларды жайгаштырууга жана өзбек аскерлеринин өлкөдөн тышкары уруштарга катышуусуна жол бербейт” деп билдирген. Айрым эксперттер муну “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалицияга биригүү боюнча АКШнын сунушуна жооп катары баалашкан. Анткен менен, басылма АКШ буга чейин Өзбекстан аймагы аркылуу Ооганстанга жүк өткөрүү үчүн колдонуп келгенин, учурда Сурхан-Дарыя облусундагы Термез шаарында НАТОнун базасы жайгашканын жана өткөн жылы Ташкентте Түндүк Атлантика аскердик альянсынын штаб-квартирасы жайгашкандыгын эскерткен.

Макалада Тажикстан АКШнын жихадчыларга каршы коалицияга биригүү сунушуна да так жооп кайтара электиги белгиленген. Москвадагы мамлекеттик эл аралык институттун аналитикалык борборунун директору Андрей Казанцевдин болжолунда, “Дүйшөмбү бул сунушту пайдаланып Москва менен соодалашууга даярданууда”. Тажикстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун илгерилетүү үчүн активдүү иштер жүргүзүлүп жаткан учурда Дүйшөмбү үчүн бул кошумча жеңилдиктерди алууга жакшы шарт түзөрүн эксперт атайын белгилеген.

"Ислам кайра жаралуу партиясынын" доору бүтүүдө

Лента.ру басылмасы “Согуштук маанай” деп аталган макаласында "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жоюлушу Тажикстанга кандай таасир көрсөтөрүнө токтолгон. 28-августта Тажикстандын Юстиция министрлиги "Ислам кайра жаралуу" партиясынын “мыйзамсыз ишмердүүлүгүн” токтотууну талап кылган. Билдирүүдө партиянын өлкө ичиндеги 58 район, шаарлардагы бөлүмдөрү жабылып, партия мүчөлөрү өз каалосу менен катардан чыгып кетишкендиктен, жетиштүү мүчөсү жок партия расмий катталбай калгандыгы айтылган. "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жетекчилиги бийлик жасап жаткан тоскоолдуктарга карабай, 15-сентябрда партиянын шашылыш жыйынын чакырып жатышканын маалымдаган.

Лента.ру басылмасы Ислам кайра жаралуу партиясы Тажикстанда 1992-97-жылдардагы жарандык согуштан кийин түзүлгөнүн белгилейт. Макалада тынчтык орнотуу максатында Бириккен тажик оппозициясынын жана Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Саид Абдулло Нури Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен тынчтык келишимин кабыл алышканы айтылат. Партия соңку 15 жылда парламентке такай шайланып келип, быйыл гана марттагы шайлоодо мандатка жетерлик добуш албай калган. Эксперттер Ооганстандын Тажикстанга жакын жайгашкандыгын эске алганда, диний багыттагы оппозициялык партияны жоюу – коркунучтуу кадам экенинин белгилешкен. Чыгыш таануучу Александр Князевдин пикиринде, мындай кадамдар 90-жылдардагы окуялардын кайталанышына түрткү болушунан бийликтин чочулап жатканын билдирет.