"Сагынычты күүлөргө жашыра албайм". Шербет Келдибекованын сырдуу поэзиясы

Шербет Келдибекова.

Бишкекте "Үч муундун үч акыны" поэзия кечеси өттү. Анда улуу, орто жана жаш муундан чыккан үч акындын ырлары окулду. Алардын ичинен акын, маркум Шербет Келдибекованын чыгармачылыгы өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Тыңшап турам, селейип үн катпастан,
Кусалык дирилдеткен добушуңду,
Ким бул? Кимсиң сагынган? Ушул түнү
Күткөндөр келген жокпу кеткен жактан?
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком, албаймын комузумду

Коштоор элем мукамдуу, батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат жан жүрөгүм.
А мен неге бактымды чакыра албайм,
Сагынычты күүлөргө жашыра албайм.

… Кимсиң деги, бейтааныш күңгүрт үндүү,
Кусадан сагынуудан алсыраган?…
Жок, менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү!
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн. ("Түнкү ыр")

Акын Шербет Келдибекова жазган бул ырды укпаган кыргыз аз болсо керек. 70-жылдардын соңунда жазылган бул ырга Түгөлбай Казаков обон жаратып, бат эле эл оозуна алынып кеткен экен.

Бурул Келдибекова ошол жылдары таланттуу улан-кыздардан турган "Тоо жылдыздары" ийримине эжеси менен чогуу барып, катышып калган экен.

Бурул Келдибекова

"Шербет эжем экөөбүздүн ортобуз эки жаш. Ал кезде Фрунзе эле. Чогуу келип, чогуу жашап калганбыз. Түндө жуурканга оронуп ыр жаза берчү, эртеси кайра оңдочу. "Тоо жылдыздары" ийримин Беганас Сартов жетектеген да. Ага Тургунбай Эргешов, Айгүл Узакова, Табылды Муканов, Роза Карагулова, Роза Мукашева катышчу. Жатаканадан бир бөлмө алышып, ошол жерде талаш-талкуулар өтчү. Талкуу бүтпөй калса, биздин үйгө келип улантышчу. Рамис Рыскулов учуп-күйүп турчу, ыр окуп жатканда ырдап-бийлеп жиберчү эле. Мен олуттуу карасам, дароо токтоп калчу. Акындар өзү ушундай калк тура. Шербет эже кичинесинен музыкага жакын эле. Комуз чертчү, мандолинада ойночу. Өзү да обон чыгарчу. Алым жездемдин (Токтомушев - ред.) ырына обон жаратып, аны үчөөбүз чогуу отурганда ырдап калчубуз. Бир жолу эжем экөөбүз жапон киносуна бардык. Анда жаш кыз өзүнөн 20 жаш улуу кишини сүйүп калып, ага карабай тиги киши таштап кетет экен. Кыз кинонун акырында ыйлап калды. Аны көрүп экөөбүз кошо ыйлап чыктык. Кинонун каарманы Йоко деген кыз эле да, үйгө барганда эжем ага арнап ыр жазды. Жапон мотивинде обон да жаратып, кийин ырдап да жүрдүк".

Жепжеңил аалам көгүлтүр,
Жер дүйнө жапжаш, эң сулуу,
Жароокер ушул күндөрдө,
Жаркырак тунук сүйүүсүн,
Жоготкон жандар кайгылуу,
Көгүлтүр дүйнө көп кырдуу,
Өз жүзүн эми ачкандай,
Көгүлтүр деңиз эң сырдуу,
Жаралуу жапжаш Йоконун,
Көзүнө толгон жаштардай. ("Йокого")

Акындын иниси Замир Келдибеков былтыр маркумдун ырларын топтоп, "Тандалмалар" деген аталышта китеп чыгарган.

Замир Келдибеков

"Эжем өтө жөнөкөй, бирөөнүн көңүлүн калтырбаган, ошол эле убакта кайраттуу киши болчу. Ошонун баары ырларында көрүнүп турбайбы. Калыс, чындыкты бетке айткан жан эле. Сыйлык-наамга умтулчу эмес. Дүйнөлүк поэзияны, айрыкча орус адабиятын казып окучу. Манасчылар - Балыкооз, Шапак Рысмендеев чоң аталарыбыз болуп кетет. Ошолордун касиети да өтсө керек. Эжем өзү тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүптүр. Кийин, 1991-жылы хирург Сейитхан Жошибаев операция кылган. Андан кийин дагы беш-алты жолу операция болуп ден соолугу менен алышып калды. Болбосо көп чыгармаларды жаратат эле. Китептеги ырларынын көбү жаш кезинде жазылган. Эжем менен жездем экөө тең башкача ойлонгон адамдар эле, дүнүйө куушкан жок".

Замир Келдибеков 2015-жылы жездеси Алым Токтомушевдин мурда жарыяланбаган ырларын, котормолорун чогултуп, "Ачылбаган дүйнө" аттуу китепти чыгарган.

Курбум сен үшкүрүктү уктуң беле,
Шуулдап көкүрөктү жарып чыккан.
Сен дагы тынч ала албай чыктың беле,
Дарексиз тагдырыңды күттүң беле,
Деңиздей көтөрүлүп, басырылып,
Өлчөөсүз алакетке түштүң беле… ("Терезелер")

Акын Сагын Акматбекова жакын курбусунун акындык өнөрүнө жогору баа берди.

Сагын Акматбекова

"Курбу болгондон кийин сырдашабыз да. Чогуу жүрдүк, ар кандай кырдаалга күбө болдук. Ырдашып, сырдашып, ыйлашкан күндөр да болду. Шербеттин акындыгы өзүнчө сөз. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот экен. Анан эле бир күнү өтүп кетти. Аида деген кыз чалып, угузуп калды. Ага чейин Алымдын "Салижан Жигитовдун сабактары" деген китеби чыккан. Ошонун таанытымында чогуу болдук. Убакыт бар, дагы жолугабыз деп ойлогом. Көрсө, жашоодо жолукпай дагы калат экенбиз, таланттуулар аз жашайт тура. Шербеттин ырлары өзү жөнүндө айтып турат. Тургунбай Эргешовдун "Бороонду кучактап жатасың" деп Алымга арнаган ыры бар. Бороон дегени Шербет. Акындар ошол бороондой эле болот тура".

Табышмактуу деп ойлосоң кай бирде.
Тагдыр жолу таң калаарлык өкүм, түз.
Тагдыр сүрүн туйбай өткүң келсе эгер,
Табияттай райым билбес өмүр күт.

Болбойбу андай… сапардагы пендебиз,
Өмүр жалгыз, тагдыр болсо жер, деңиз.
Өкүнүчсүз кетиш үчүн дүйнөдөн,
Жерде дагы, сууда дагы келгенбиз.

Жок, болбойбу… табышмаксыз пендебиз,
Табышмактуу тагдыр издеп келгенбиз.
Бу жарыктын кайгы-шаттуу ирмемин,
Жерден, суудан жүрөк менен көргөнбүз.

Асман бизге ачылган да, түнөргөн
Жерден, суудан жакындасак, ыраактап,
Жылдызыбыз жерге түшсө бир туштан.
Жылтыр этип башка туштан чырактай.

Ошол жылдыз, ошол тагдыр, ошол жол
Келет бирге-суудабыз да, жердебиз.
Мезгил бизди аңтарууда, биз да анын
Көшөгөсүн ачалы деп келгенбиз. ("Акынга")

Адабиятчылар белгилегендей, Шербет Келдибекованын саптары турмуштук терең философияны катып турганы менен баалуу. Аларда сезим эле эмес, жашоо жана өлүм, эркиндик тууралуу ойлор дагы камтылган.

Ал эми акын, журналист жана публицист Жыргалбек Касаболотов Келдибекованын поэзиясына мындай баа берди.

Жыргалбек Касаболотов

"Шербет эженин ырлары эксперименталдуу поэзия болгон. Кыргыз жазма поэзиясына көп агымдар кирип турган да. Ошолордун көп элементтери байкалат. Баягы тексттин артындагы туюк маанилер көп. Бул ошол муундагы акындардын көбүнөн байкалат. Сезимдер ачык айтылбай, турмуштук подтекст менен сүрөттөлгөнү кызык".

Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым
– кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.
Ааламда жылдыз толуп ошол кезде,
Деңиздер турган эле толкуп–ташып.
Дүйнөдөн өчөөр кезде –
Дүбүртү кылчактатып…

… Кеткенбиз кезип бүтүп тиричиликти,
Кейиште узатты эле жер жандары.
Учканбыз учсуз-түпсүз аалам-жайга,
Угулбай уу-дуу түшкөн армандары.

Деңиздей оодарылып ошол кезде,
Деңиздей калган эле биздин өмүр –
Дүйнөгө агып кирип дайра сымал.

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,
Жаш гүлдөр жаңы бүрдөп ачыла албай.
…Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,
Кеткенбиз кыяматтык жардай таштап.

Кызарбай өчкөн эле күндүн шары,
Кыямат кеткен эле көңүлүбүз.
… Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –
Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.

Касаболотов муну менен катар Кыргызстандын соңку отуз жылдан ашуун тарыхы кыздар поэзиясынын бейгам стилин өзгөрткөнүнө көңүл бурду.

"Жалпысынан караганда, совет маалында аял акындардын көбү мамиле, сүйүү, үй-бүлө, турмуш деген темаларды көтөргөн. Анна Ахматова, Марина Цветаеваны романтикалык үлгү катары көрүшкөн. Кийин тема көбөйдү да. Кыргызстан дүйнөгө ачылды дегендей. Учурдагы доордун үнүн жазыш керек болуп турат. Андай акын кыздар да бар, бирок аз болуп жатат. Дүйнө, жакын коңшулардын поэзиясы менен тааныша турган заманда жашап жатабыз. Кыргызстан орус тилин ортомчу кылбай түз котормого өтүшү керек. Жаныбыздагы коңшулардын поэзиясын дагы которсок болмок".

Шербет Келдибекова Кочкордун Кара-Суу айылында 1949-жылы жарыкка келген. Кесиби боюнча математик-физик. Биринчи ырлар жыйнагы "Чырагдан" деген аталышта 1976-жылы жарык көргөн. Андан кийин окурмандар "Ата конуш сыймыгым", "Терезелер", "Сен жарыгым" жана "Кербен" аттуу жыйнактары менен таанышкан.

Акын Шербет Келдибекова 2013-жылы ноябрь айында дүйнөдөн өткөн.

Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун демилгеси менен "Үч муундун үч акыны" поэзия кечеси уюштурулуп келет. 13-апрелдеги ыр кече Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада өттү. Анда Шербет Келдибекованын чыгармачылыгынан тышкары Жуса Касиетовдун жана Зарема Игамбердиеванын ырлары дагы окулду.