Мекендештер Саламаттын кыялын орундатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Саламат Бактыбек кызы кагаздан түркүн түс гүл жасап, айланасын көрккө бөлөйт. Карантин учурунда ал гүлдөрүн ыктыярчыларга берип, жашоо-турмуштан кыйналып тургандарга өзгөчө маанай тартуулады. Саламаттын кажыбас кайратын, балалык кыялын орундатууга болгон далалатын колдогон мекендештери анын бутуна протез алганга каражат топтой башташты.