Согуш жылдарындагы турмуш

Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти, акын, фронтовик Көлбай Күмүшалиев менен Мамлекеттик орус драмтеатрынын артисттеринин фронттук бригадасынын жолугушу. 1944-ж. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Фарида Муратованын фронтко өз ыктыяры менен жөнөтүүгө жазган арызы. Фрунзе шаары. 23-июнь,1941-жыл.  

Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Алдыңкы катарда Муса Баетов, Ашыралы Боталиев, Жамалутдин Муслимов. 1943-ж.

Кыргызстандан барган делегация Ленинграддын музыкалык комедия театрында. Спектаклдын антрагында артисттер делегаттар менен маектешүүдө. (Оң тарапта) төкмө акын, Кыргыз ССРинин эл артисти Алымкул Үсөнбаев, (3чү) Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрайымы Фатима Кадырбаева. Ноябрь, 1943-жыл. Ленинград шаары. 

И.В.Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге (Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районунун Дүрбөлжүн айылы) жолдогон телеграммасы. 1944-жыл.

Буденов районунун Чоң-Токой колхозунун мурдагы койчусу, 8-гвардиялык дивизиянын катарындагы согуштун катышуусу, комсомол Р.Сүйөркулов.
Фрунзе облусу. 1941-ж.

Кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов согуш жылдарында. Курск шаары. 1944-жыл 

Кыргыздрамтеатрдын артисттери А.Исмаилова, Эралиева жана Алиева 1942- жылы артисттер бригадасы менен фронтко кетишип, Панфилов дивизиясында 1945-жылга чейин болушкан.
Сүрөт 1943-жылы тартылган.

Улуу Ата Мекендик (II дүйнөлүк согуштун) согуштун катышуучусу, медициналык кызматтын ага лейтенанты Рафа Айдарбекова.
Ленинград фронту. 1942-жыл

Праганын тургундары 1945-жылдын 9-майында аскерлерди тосуп алууда.
Прага. 1945-жыл.

Улуу Ата Мекендик (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары) согуштун катышуучулары комбайнчыларга кол пулеметту тааныштырууда. Токмок шаары. 1943-жыл.  

Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.

Жалпы аскердик окутуунун (Всевобуч, всеобщее военное обучение) аскерлери. Фрунзе облусунун Киров районунун “Кызыл дыйкан” (“Красный пахарь”) колхозунун колхозчулары тактикалык окутуу учурунда. Фрунзе облусу. 1942-жыл.

Кыргыз ССРинин КПБКнын секретары А.В.Вагов жана эл комиссарлар кеңешинин иш башкармалыгынын жетекчиси М.Рысалиев жердештери менен фронтто. 20-жылдардын комсомолу, Пишпек шаарынын пионерлеринин алгачкы жол баштоочусу, жарандык согуштун катышуучусу Р.Д.Сарымсаков (акыркы катарда жетинчи). 1943-жыл 

Жаш жоокер, Улуу Ата Мекендик согуштун (II дүйнөлүк согуштун) катышуучусу Куват Жуматаевге берилген Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардактуу грамотасы. 1941-жыл.  

Кыргыз ССРинин эл артисти, Ленин ордендүү Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти Сайра Кийизбаева.
Брянск фронту. 1942-жыл.

Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Ортодо артист Ашыралы Боталиев. 1943-жыл. 

Инструктор-учкуч Касым Ормокеев (оңдо) жаш учкуч Шавкат Комановго учуу алдында тапшырма берүүдө.
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: Е.Халдей. 1941-жыл.

№1 Чаек орто мектебинин мергенчилик боюнча инструктору Алек Жунушев.
Тартылган аймагы: Тянь-Шань облусу. Сүрөттүн автору: Л.Вильчинский. 1941-жыл.

Жалпы аскердик окутуунун (Всевобуч, всеобщее военное обучение) аскерлери мылтыктан ок атууну үйрөнүүдө. (Солдон оңго) Умарбеке Умарбаев, Эштай Жанабаев, Жумагул Керимбаев, взводдун саркери (командири) Ханафий Гамутдинович Нигматулин.

Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл. 

Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.