Шаң менен келген Нооруз

Бишкек

Нооруз майрамынын урматына карата Кыргызстанда жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат. Бишкектин Ала-Тоо аянтында жылдагыдай эле концерт өтүүдө.

Таң эрте Ала Тоо аянтына Ноорузду майрамдоо үчүн эл чогулду.

Таң эрте Ала Тоо аянтына чогулган эл. 21-март, 2023-жыл.

Саат 10:00до президенттик аппараттын, Министрлер кабинетинин, коомдук ишмерлер, мэриянын кызматкерлеринин катышуусунда салтанат башталды. "Азаттыкка" майрамды түз чагылдырууга уруксат берилген жок.

Майрамдын башында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Анда ал кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, бул эзелтен келаткан, ынтымакка үндөгөн күн экенин белгиледи.

Президенттин куттуктоосун экрандан көрүп жаткан киши. 23-март, 2023-жыл.

Садыр Жапаров куттуктоосунда буга чейин коомдо саясат менен алектенгендер көп болуп, улуттук экономикага маани берилбей келгенин айтты.

Ар бир президент өлкөнүн өнүгүшүн кечеңдеткен жагдайларга өзүнөн мурдагы бийликти айыптап келгенин, мындай көрүнүштү токтотуу керектигин да белгиледи.

Майрамды көрүү үчүн келген эл. 21-март, 2023-жыл.

Президент заман ыкчам өнүгүп жатканын, мындай учурда Кыргызстан жаңыча ойлонуп, жаңы көз караштарды калыптандырууга умтулушу зарыл экенине токтолду.

“Эки жылдан бери өлкөдө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз буюрса, дагы да түзөлөт”, - деди Жапаров.

Ала Тоо аянтында өткөн салтанаттуу аземди көрүүгө дин өкүлдөрү да келди.

Сүмөлөк кайнаткандар.

Сүмөлөк баасы 80 сомдон башталып, 400 сомго чейин сатылууда.

Базарда бүгүн боорсок өтүмдүү болуп жатат.

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нооруз майрамына карата куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү жана Баткен облусун калыбына келтирип, коопсуздукту камсыздоо - эң башкы улуттук маселе экенин белгиледи.

Ал чек ара аймагында жашаган элдин социалдык көйгөйлөрү четинен чечилип жатканын айтты.

“Баткен өнүксө, мамлекет өнүгөт”, - деп Баткенде айткан каалоо-тилектерде кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз дегенбиз. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз”, - деди президент.

Президент былтыр, 2022-жылы Нооруз майрамын Баткенде тоскон.

Баткен шаарындагы майрамдык салтанат. 21-март, 2023-жыл.

Баткен шаары.

Шар сатуучу. Баткен

Баткенде өрүк гүлдөп жатат.

Баткен.

Кыргызстандын айрым аймактарында жаз келгенине карабай суук кайта элек. Нарындын тоолуу аймактарында дагы деле кар эрий электигин сүрөттөн көрүүгө болот.

Таш-Башат айылы, Нарын. 21-март, 2023-жыл. Сүрөт Улан Үсөйүндүкү.

Ал эми Таласта бул күнү облустук администрациянын алдына "Айкөл Манас" айкели орнотулду. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү жана манасчылар катышты.

Скульпторлор Садабек Ажиев жана Токталы Мурзакаримов жасаган, бийиктиги 12 метрлик, жалпы баасы 8,7 миллион сомдук эстеликти жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек катары берди. Аны алып келүүгө жана орнотууга "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 1,1 миллион сом бөлгөн.

Эстеликтин ачылышын утурлай 13-марттан 21-мартка чейин 25 манасчы Таласта күнү-түнү "Манас" айтты.

Таластагы Манастын айкели.

Бишкектин өзүндө көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өттү.

Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 5:0 эсебинде жеңди. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү. Бул лигада 3-орунду Оштун “Достук” командасы ээледи. Оштон келген көкбөрүчүлөр кечээ, 20-мартта Таластын “Алтын-Алянс” командасын 11:3 эсебинде утуп алган.

Финалдагы оюн.

Кыргызстан Ноорузду кантип тосту?