Шомфай: Кыргызча сүйлөсөм, таң калышат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен Венгриянын өз ара мамилелери акыркы маалда активдүү өнүгүп жаткандай. Өткөн жылдын октябрында Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду, Кыргызстандын Будапешттеги элчилиги ачылды. Муну менен катар венгриялык тасмалардын фестивалы өтүп, түз каттам ачылары жарыяланган. Эки өлкөнүн алакалары тууралуу Венгриянын этнография институтунун илимий кызматкери, түрколог Давид Шомфай же Дауд Карашомфай менен маектештик.