Шумаров: Алтайдагы төөлөсмүн, Айтматовдон кол тамга алгам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ногон Шумаров Алтайдын белгилүү этномузыканты, кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру жана актер. Этномузыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген андан жетиген жана аркайыкты чертүүнү үйрөнгөн. Алтай арфасы же жадаган үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү байыркы коргондон табылган аркайыкка окшош. Ногон Шумаров “Азаттыктын” студиясына келип, Алтай менен Кыргызстандын байланышы, эпос, музыкалык аспаптардын жана салт-санаанын окшоштуктары тууралуу маек курду.