Эне-баланын ден соолугу ойлондурат

Кыргызстанда төрөт курагындагы аялдардын саламаттыгы канааттандырарлык эмес. Буга энелердин өз ден соолугуна кош көңүл мамилеси, тиешелүү адистердин жетишсиздиги, улут саламаттыгы эне-баладан көз каранды экендигине коомчулуктун маани бербестиги өңдүү көптөгөн себептер кедергисин тийгизүүдө. “Азаттыктын” кабарчылары апта ичинде даярдаган эне-баланын ден соолугу тууралуу аудио берүүлөр түрмөгүн сунуш кылабыз.
Нарын облусунда акушер-гинекологдор райондордо, айылдарда жокко эсе, болсо дагы пенсия курагына келгендер. Мунун айынан жергиликтүү медициналык жайлар айы-күнү жеткен энелерди облус борборуна жиберишет. Бирок узак жол жүрүп, борборго жетүү деле тобокелдик. Чөнтөгү жукалар үчүн бул кош түйшүктү жаратат деп билдирет кабарчыбыз Токтосун Шамбетов:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын: Акушер - гинекологдор көздөн учат



Бойго бүткөндөн баштап эле төрөт камын көрүп, шарты эң мыкты төрөт үй издеп, атүгүл чет өлкөлөргө чаап кеткен байгер ата-энелер "үйдө төрөдү" дегенде үрөйү учары анык. Бирок, киндик энеси жарашса өз үйүндө эле төрөп алуу айрым айылдарда кадыресе көрүнүшкө айланган. Мындай айылдардын бири - Баткендин Боз-Адыры. Айылга аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров барып келди:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен: Үйдө төрөгөн келиндер



Жалал-Абад облусундагы төрөт үйлөрдө кесарево сечение ыкмасы жылдан жылга кеңири жайылууда. Былтыр облуста ушундай жол менен 1573 бала төрөлүптүр. Муну дарыгерлер "эне-баланын өмүрүн сактап калуунун коопсуз, жалгыз аргасы" деп түшүндүрүшөт. Аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов облустун Ноокен районунда жасалма төрөтүүнүн оң-терс жактарын сураштырып көрдү:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: Жасалма төрөтүү ыкмасы жайылууда



Элеттен айырмаланып, борбордо айы-күнүнө жеткендерге кызмат көрсөтүүнүн өркүндөтүлгөн, заманбап түрлөрү көбөйдү. Айрыкча, менчик төрөтканаларда мыкты шарттар түзүлгөн. Албетте, андай төрөтканаларга адатта чөнтөгү калың, байгер үй - бүлөлөр кайрылат. Бул тууралуу кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаеванын макаласынан угуңуздар:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек: "Биз алдыга жылдык"



Назира Жылкыбаева боордун сейрек кездешүүчү мите (альвеококкоз) илдетине чалдыгып, өмүрүнө огожо болоор арга издеп, жан далбастап турган чагы. Ал Ысык-Көл облусунда бул өнөкөт илдетке кабылган жалгыз эне эмес. Кабарчыбыз Мария Колесникованын баяны:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл: Дартка даба издеген эне



Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын бейтапканага каттоого алынуусу мурдагыдай оор болбой калды. Туруктуу каттоосу жок келиндер кайсы жакта болсо да жашаган жеринен аныктама алып, ошол жердеги бейтапканага кайрыла алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы педиатры Элнура Боронбаева билдирди. Дени сак баланын төрөлүшү ириде эненин саламаттыгына көз каранды экенин белгилеген адис кабарчыбыз Рахат Кеңешова менен маегинде алгач репродуктивдүү курактагы аялдар көп чалдыгып жаткан оорулар тууралуу айтып берди:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Боронбаева: Баланын саламаттыгына эне жооптуу