Түштүк Кореяда Олимпиада башталды

Түштүк Кореянын Пхёнхчаң стадионунда Кыргызстандын желегин көтөрүп Тариел Жаркымбаев кыргыз делегациясын баштап баратат.

Фейерверктер асманды жаркыратып, Кышкы Олимпиада-2018 Пхёнхчаңда башталды.

Сахнадагы аткаруучулар Түштүк Кореянын желеги элесинде тизиле калышты.

92 өлкөдөн келген 2900 спортчу фейерверктин коштоосунда Пхёнхчаң стадионуна киришти.

Ачылыш аземинин конокторунун арасында Түштүк Кореянын президенти Мун Жай Ин жана анын жубайы Ким Жүң Сук, АКШ вице-президенти Майк Пенс жана анын жубайы Карен Пенс, Жапон премьер-министри Шинзо Абе, Түндүк Кореянын расмий өкүлү Ким Йоң Нам, Түндүк Корея лидери Ким Чен Ыңдын карындашы Ким Ё Жоң, Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана анын жубайы Эльке Бүденбендер.

Ачылыш шоу программаны стадиондун өзүндө эле 35 миңге жакын киши көрүп отурушту.

Ачылыш аземиндеги шоу-программага катышкан балдар.

Сухраң деген ак жолборс Пхёнхчаң-2018 Кышкы Олимпиадасынын символу (пири) болуп эсептелет. 

Сахнадагы аткаруучулардын баары колкап менен шөкүлө кийип чыгышты. Анткени стадиондун ичинде суук 6 градуска чейин түштү.

Көз жоосун алган түркүн түстүү шоу-программа.

Пхёнхчаң-2018 Кышкы Олимпиадасынын ачылыш аземиндеги сүрөтчүлөр.

Түндүк жана Туштүк Кореялардын спортчулары стадионго бир желек астында киришти. Аны Түндүк Кореянын хоккеисти Хваң Чуң Гум жана Түштүк Кореянын бобслеисти Вон Юн Жоң көтөрүп чыгышты.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах: "Бизди бөлөм деген күчтөргө караганда биз күчтүүрөөкпүз".

23-Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи эки саатка созулду.

Сахнадагы программа.

"Олимпиаданын ачылыш аземи биримдиктин жана ынтымактын символуна айланды", - дейт Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.

Олимпиада шамын стадионго алып келип, Түштүк Кореянын спортчусу Юна Ким андан Олимпиада отун жакты.

Олимпиада оту жана фейерверктер. Пхёнхчаң-2018 Кышкы Олимпиадасы.

Пхёнхчаң шаарында 2018-жылкы Кышкы Олимпиада салтанаттуу ачылыш аземи менен башталды.