Кышкы Олимпиада: мелдеш жана майрамдык шаң
Кышкы Олимпиада-2018 аяктап, Пхёнчхаң стадионунда буга чейин болуп көрбөгөндөй шоу-программа менен жабылыш аземи өттү.
Асманда фейерверктер атылып, стадиондогу көрүүчүлөр кол чырактарын жандырып, ортосунда Олимпиада оту күйүп турду.
Жарык көтөргөн кыздар.
Жабылыш аземинен бир көрүнүш. Сахнада көп кабаттуу мунаранын элеси тургузулду. Пхёнчхаң, Олимпиада стадиону, 25-февраль, 2018.
Жарык менен ойногон бийчилер тобу.
“Өлкөлөр парады”. Олимпиадага катышкан өлкөлөрдун спортчулары жабылыш аземинде катары менен басып баратат.
Сахнада түркүн каармандар.
Жабылыш аземиндеги театралдык көрсөтүү.
Ыктыярчылар Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн желектерин көтөрүп келе жатышат.
Сахнада бийчилер.
Жарык-шоунун бийчилери.
Олимпиада-2018 да аяктады. Асманга акыркы фейерверктер атылды.
Олимпиаданын жабылыш аземинин коноктору: АКШ президентинин кызы Иванка Трамп жана Түндүк Кореянын бийликтеги Жумушчулар партиясынын өкүлү Ким Ёң Чол.
Олимпиада-2018. Жабылыш аземи. Пхёнчхаң, Түштүк Корея.
Олимпиадасынын жабылыш аземиндеги роликчендер.
Пхёнчхаң-2018 Олимпиадасынын жабылыш аземинин фейерверктери.
Стадиондун отургучтарына белек салынган баштыктар тизилип коюлду.
Пхёнчхаңдагы 2018-жылкы Олимпиаданын жабылыш аземинен жалпы көрүнүш.
Аялдар арасында 30 км аралыкты лыжа менен чуркоо. Алпенсия лыжа тебүү борбору.
Аялдар арасында 30 км аралыкты лыжа менен чуркоо. Алпенсия лыжа тебүү борбору.
Норвегиялык Марит Бьёрген 30 км аралыкты лыжа менен чуркоо боюнча аялдар арасында биринчи келгенине кубанып, жашып турат.
Муз үстүндөгү хоккей: германиялык Брукс Мацек (12) менен орусиялык Богдан Киселевичтин (55) финалдык оюнда кагылышкан учуру.
Орусия хоккейчилери машыктыруучусу Олег Знарокту колго көтөрүп, финалдагы жеңишин майрамдап жатышат.
Франциялык Габриела Пападакис менен Гийом Сизерон Олмпиадалык Гала-көргөзмөдө муз үстүндө бийлеп жатышат.
Финалдык старт алдындагы АКШлык бобслейчилер: Жастин Олсен, Кристофер Фогт, Карло Валдес жана Нейтан Вебер.