40 жаштагы гимнаст Рио оюндарына катышат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Рио-де-Жанейродо өтчү Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жаткан өзбекстандык Оксана Чусовитина жаш курагы тууралуу суроо бергендерге өз ийгилиги менен жооп берет. 40 жаштагы гимнаст 25 жылдык спорттук жашоосунда жетинчи олимпиадага катышат. Барселона олимпиадасында алтын, Бээжинде күмүш медал тагынган Чусовитина соңку кезде Германиянын курама командасында жүргөн.