Имаратты ээлеп турган чыгармачыл жамаат шаар бийлигинин бул чечимине нааразы. Алар жерин тарттыргандан кийин Сүрөтчүлөр үйү бузулушу мүмкүн деп чочулашууда.
Сүрөтчүлөр үйү 2002-жылы өкмөттүн 568-токтому менен Маданий жана тарыхый мурастар тизмесине кирген.
Сүрөчүлөр үйү маданий жана тарыхый мурастар тизмесинде турат.
Имарат 1952-жылы пайдаланууга берилген. 1992-жылы СССРдин сүрөтчүлөр бирлиги жоюлган. Анын мураскери катары Кыргызстандын сүрөтчүлөр бирлиги 1994-жылы сегиз объектти, анын ичинде азыр талашка түшкөн Сүрөтчүлөр үйүн да өзүнө өткөрүп алган. 1995-жылы Борис Силаев башында турган калаа бийлиги имаратты Сүрөтчүлөр бирлигинин менчигине өткөрүп берген.
Учурда бирликтин жети дубанда өкүлчүлүктөрү, Эмен багында галереясы бар, андан тышкары Сүрөтчүлөр фонду иштейт.
Сүрөтчүлөр үйүнүн жетекчиси Жакшыбек Жунушев мэрия эч кандай комиссия түзүп же билдирүү жибербей эле чечим чыгарганын айтууда.
Жакшыбек Жунушев.
“Союз тарагандан кийин жалгыз гана Сүрөтчүлөр союзу Кыргызстан боюнча өзүнө таандык мүлктөрдү сактап калды. Эч кандай жоголуп, жоюлуп кеткен жок. Мэриянын кабарлабай, бизге кат жибербей туруп ушундай чечим чыгарганы табышмактуу болууда. Биз президентке кат менен кайрылганбыз. Эми мэрияга да кайрылганы жатабыз. Эмненин негизинде ушундай чечим чыкты? Сырттан тон бычкан туура эмес. Мыйзам иштегенден кийин кат түрүндө кайрылып, эмненин негизинде ушундай чечим кабыл алганын билдириши керек".
Жунушев муну менен катар 2023-жылы президенттин архитектуралык мурастарды сактоо, чыгармачыл союздарды өнүктүрүү буйругу чыкканын, имараттын жерин тартып алуу аны бузууга жатарын эске салды.
Бишкек мэриясы өзүнүн 1995-жылкы чечимин жокко чыгарган 52-токтомго мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
Сүрөтчүлөр үйү “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин" жеке менчиги болуп саналат. Жамаат коомдук бирикме катары 2022-жылы 4-октябрда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн.
“Коомдук бирикмеге 500дөй адам мүчө. 1995-жылы жерди 49 жылга ижарага алган экенбиз. Жашыл китебибиз бар. Мыйзамдарды карасак, мөөнөттү алып коюшпадыбы. Жер дагы бизге берилмек экен. Бирок ал тууралуу сөз болбоптур да. Президенттин сайтына жазсак, өчүрүп коюшту. Азыр дагы кайрылалы деп жатабыз. Биздин угушубуз боюнча имарат турган жерди инвесторлорго беришет экен. Биз президентке көп маалымат жетпей жатат деп ойлойбуз”, - дейт Жакшыбек Жунушев.
Сүрөтчүлөр үйүнүн жамааты имаратты сактап калууну суранышууда.
Анткен менен Бишкек мэриясы Сүрөтчүлөр бирлигинин дооматтарын четке кагууда. Мэриянын муниципалдык мүлк бөлүмүнүн башчысы Тыныстан Качкынбеков мындай деди:
“Жер 1995-жылы Сүрөтчүлөр үйү биримдигине колдонууга берилген. Мэрия текшерүү жүргүзөн учурда мекемени коммерциялык максатта колдонушканы аныкталган. Кеңсе катары, автоунаа сатуучу жай катары колдонуп келишкен. Андан тышкары жер участогунда коммерциялык объекттер бар болуп чыкты. Жер кодексине ылайык, жер багытсыз пайдаланганына байланыштуу 1995-жылдагы токтом жокко чыгарылды. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Иш башкармалыгынын катынын негизинде мамлекеттик менчикке өтүрүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору киргизилди. Биз жер боюнча эле сунуш киргизип жатабыз, имарат боюнча сөз болгон жок”.
Мэриянын документтеринин арасынан өкмөткө караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин чыгыштамасын дагы көрүүгө болот. Анда Президенттин иш башкармалыгына бериле турган жер курулушу жок муниципалдык участок катары көрсөтүлгөн.
Мэрия Кадастр кызматынын маалымкатына жооп бере албасын айтууда. Ал арада Сүрөтчүлөр үйү дагы бул мекемеге кат жолдогону белгилүү болду.
Укук коргоочу Калича Умуралиева Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жерди Иш башкармалыкка өткөрүп берүү менчик укугун бузарын айтууда.
“Сүрөтчүлөр үйү союз маалында эле Сүрөтчүлөр бирлигине берилген. 1995-жылы жер 49 жылга ижарага берилип жатат. 1999-жылга чейин жердин баары мамлекеттики болчу. Андан кийин жаңы Жер кодекси чыгып жатпайбы. Ага ылайык, жер менчикке бериле баштаган. Демек, үй турган жер Сүрөтчүлөр бирлигине таандык, мэрияныкы эмес. Андай болгон соң мэрия жерди Иш башкармалыкка бере албайт. Азыр болсо 1995-жылдагы жерди ижарага берген мыйзамды токтом менен жокко чыгарып жатат. Бул туура эмес. Анткени ал токтом 1999-жылы жаңы мыйзамдын негизинде эле жок болгон. Экинчиден, Иш башкармалык жердин ээси боло албайт, жерди ала да албайт. Себеби, мэрия жерди мамлекетке тапшырам десе, Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылышы керек. Ошол фонд мамлекеттик мүлктүн баарын тейлейт да. Иш башкармалык ошол фонд аркылуу алыш керек эле. Мындай прецедент мурда да болгон. Мэрия жеке менчикке таандык 56 гектар жерди Иш башкармалыкка карматканда биз сотко бергенбиз. Ошондо Иш башкармалыктын өкүлү эч кандай жери жоктугун, 56 гектар жер Мамлекеттик мүлк фондунуку экенин айткан. Кайра-кайра эле юридикалык ката кетирген туура эмес. Ошол аймакта Экономика министрлигинин жери гана мамлекеттики. Менчик жерди күчкө салып тартып алган күндө дагы ал жерге социалдык объекттер салынууга тийиш. Ал эми жер ээсине мыйзамга ылайык, базар баасына жараша компенсация берилет”.
Сүрөтчүлөр үйүнүн жамааты
Азыр президенттин иш башкармалыгы сурап жаткан эки жер тилкенин ортосунда мурдагы Экономика министрлигинин имараты жайгашкан. 2024-жылы аны мурдагы премьер-министр Акылбек Жапаров президенттик аппаратка өткөрүп берген. 1950-жылдары курулган бул имаратты Маданий жана тарыхый мурастардын тизмесинен таба албадык.
Экономика министрлигинин мурдагы имараты.
Бирок буга чейин ушул тизмеге кирген Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, "КыргызКАБАР" агенттигинин имараты Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы №394 токтому менен баалуулугун жоготкон. Адистер мындай имараттарды бузуп же түрттүрүп салууга эч тоскоолдук болбосун айтышат.
Президенттин иш башкармалыгы оңдоодон өткөргөн бул имараттардын тышы таанылгыстай өзгөргөнүн көрүүгө болот.
Жогорку соттун имаратынын азыркы көрүнүшү.
“Маданий-мурастар тизмесине кирген имараттар алгачкы көрүнүшүн сакташы керек. Жогорку соттун азыркы имараты алгачкы көрүнүшүн жоготту да. Анан калса, президенттин маданий-тарыхый мурастар сакталсын деген буйругу чыккан. Бизде Самарканд, Бухарадай тарыхый имараттар көп эмес. Ошондуктан 20-кылымда курулган имараттар тарыхый-маданий баалуулук деп эсептелет. Аларды эмне себептен тизмеден чыгарып жатышканы белгисиз. Бул кадам президенттин буйругуна каршы болуп жатпайбы. Мыйзам боюнча Жогорку сот, Өкмөт үйү, Сүрөтчүлөр үйү №1 корголо турган жерде жайгашкан. Андай болгон соң ал жерге эч нерсе салбаш керек эле. Анан калса Башкы план атайын тийиштүү органдар менен иштелип чыгат. Сүрөтчүлөр үйү турган жер Башкы планга кирген эмес. Азыр ЦУМдун жанындагы үйлөрдү алып жатканы, баштапкы калыбына келтирүү аракети жакшы кадам", - дейт Калича Умуралиева.
Дагы караңыз Баалуулугу калган жокпу? Бишкекте дагы бир тарыхый имарат өзгөрөтУкук коргоочу Иш башкармалык Аскердик даңк музейин, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имаратын алганын эске салды. Учурда алардын биринин ордуна курулуш түшүп жатканын айтып, эмне үчүн ал жерлерге бала бакча же мектеп курулган жок деген суроо салды.
Адистердин белгилешинче, инвесторлор жер астындагы коммуналдык инфраструктурасы даяр жерди алууга дайыма кызыкдар болушат. Мындан улам бул тилке талашка түшкөнү бекеринен эмес деп боолгосо болот.
Сүрөтчүлөр үйү
Президенттин иш башкармалыгы Сүрөтчүлөр үйүнүн имарат Мүлк агенттигине карай турганын билдирип, жооп алуу үчүн ошол жакка кайрылууну сунушташты.
Бирок эмне үчүн имарат турган жерди сурап мэрияга кайрылганы, ал жерге кандай объекттер курулары жана тарыхый имараттардын тышкы көрүнүшүн коомдук каршылыкка карабай эмне үчүн өзгөртүп жатышканына жооп берген жок.
Эгер макала чыккандан кийин жооп беребиз дешсе, “Азаттык” Каныбек Туманбаев жетектеген Иш башкармалыктын өкүлдөрүнө микрофон сунууга даяр экенин эске салабыз.
Былтыр февраль айында президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы Өкмөт үйү, Жогорку сот баштаган 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы маалым болгон.
Буга бир катар тарыхчылар, коомдук ишмерлер каршы чыгып, президенттин тапшырмасы менен 63 адамдан турган атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия көпчүлүк добуш менен тизмеден чыгарылбасын деген чечим кабыл алганы менен "Ынтымак-Ордодогу" жыйында башка протокол бекип калганы ачыкка чыккан.
"Азаттыктын" архиви: 21-февраль, 2025-жыл