"Бир келип кетчи Ош жакка". Сүйүүсүн сатпаган туткун баяны

“Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли. Башкы ролдо Бегайым Асанакунова жана Улан Жумабеков. (Сүрөттөр Маданият министрлигинин расмий баракчасынан алынды)

“Бир келип кетчи Ош жакка” спектаклин режиссер Уланмырза Карыпбаев жазуучу Арслан Койчиевдин төрт чыгармасын синтездеп, өзүнүн көз карашы менен кайра иштеп чыккан.

Ош улуттук драма театрынын бул спектаклинде улуу муун менен катар Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүп келген жаштар дагы роль жаратышты.

Театр жамааты борбор калаада беш күн бою спектакль коет.

Сур эчкинин каргышы

Алыскы тоо коюнундагы айылда Мукай аттуу жигит ууга чыгып, сур эчкинин улактарын атып алган күндөн тарта жолу буулат.

Кайберендин каргышы күндүр-түндүр кулагынан кетпейт. Жамал аттуу келинге ашык болуп бирок бирге боло албайт. Мукай аргасыз башкага үйлөнөт. Бир тууганы репрессия курмандыгы болуп, кайгыны көтөрө албаган ата-энеси, жеңеси артынан кетет.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, Мукай майданга аттанат. Кан күйгөн жерден тирүү калганы менен мекени көздөн учат. Ала Тоонун топурагы буюрбай, Жамалды бир көрүүгө зар болуп өтөт.

Спектаклде баш каарманды ойногон Кыргыз эл артисти Талант Апыев жана Улан Жумабеков.

“Бир келип кетчи Ош жакка” - кыргыз элинин XX кылымда басып өткөн жолу.

Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев спектаклдин өзөгү жазуучу Арслан Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр”, “Мисмилдирик” жана “Бакшы менен Чыңгызхан” чыгармаларынан алынганын айтты:

“Өзүңөр билгендей, президенттин колдоосу менен Маданият министрлиги мени Казакстандан, 22 актерду Москвадан чакырып алып Ошко жиберишкен. Анан биздин визиттик карточкабыз боло тургандай спектакль коюш керек болду. Ош деген аталышты кошолу дедик. Ары ылгап, бери ылгап отуруп акыркы Арслан агайдын үч чыгармасынан бир спектаклди өрүп чыгардык. Спектаклдин өзөгү катары сүйүү темасын алдык. Окуя Ош жергесинде 1930-40-жылдары өтөт. “Тагдыр жөнүндөгү ыр” менен “Мисмилдириктин” сюжети окшош, репрессия, согуш темасы камтылган. “Бакшы менен Чыңгызхан” уламышка негизделген. “Мисмилдирикте” белгилүү каргыш бар. Аны биз кайберендин оозу менен бердик”.

Жазуучу Арслан Капай уулу спектаклде ойногон актерлор жана режиссер Уланмырза Карыпбаев менен.

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз тагдыры

Мамлекеттик катчы, жазуучу Арслан Капай уулунун айтымында, “Тагдыр жөнүндөгү ыр” чыгармасынын баш каарманы мекенин да, советтик идеологияны да, нацисттик режимди да сатып кеткен киши. Бирок сүйүүсүн өмүр бою сатпай, сагынып өтөт.

Эске сала кетсек, быйыл бул чыгарманын негизинде режиссер Темир Бирназаров "Туткун" көркөм тасмасын тарткан.

Арслан Капай уулу спектакль Уланмырза Карыпбаевдин интерпретациясы менен жаңы жүзгө ээ болгонун белгиледи.

“Бул жерде жазылган үч чыгарманын жана жазылып бүтө элек бир чыгарманын сюжети бар. Бул тема тууралуу Уланмырза экөөбүз төрт жылдай сүйлөшүп, пикир алыштык. Бизди кармап турган жана чыгармаларды бириктирген бир тема болду. Ал кыргыздын XX кылымдагы тагдыры тууралуу ой толгоо. Тарыхыбыз бай деп айтабыз. Бирок XX кылымда болгон окуялардай оош-кыйышка кыргыз мурда-кийин күбө болгон эмес. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарга күбө болуп, өз эркине каршы геосаясий окуялардын катышуучусу да болуп калды. Ошол окуялар кыргыздын тагдырына чоң таасир эткен. Үркүндү, репрессияны, согушту көрдү, кырылды дегендей. Бул жагынан Уланмырза Карыпбаевге таң бериш керек. Мен аны дайыма Чыңгыз Айтматовго салыштырып келем. “Жамийланы” да койбодубу, бул жагынан Айтматовдон да ашып түштүбү деп ойлоп кетем. Кыргыз театрында жаңы, эпикалык чыгарма болду десем жаңылбайм. Дүйнөдөгү чыгармалардын өзөгүн он чакты эле окуя түзөт. Бирок бутактанып, салаалап отуруп өзүнчө бир окуя, чыгарма жаралып жатпайбы. “Бакшы менен Чыңгызханда”, “Мисмилдирикте” каргыш жөнүндө окуя бар. Ошол туура келеби же келбейби деп көп сүйлөшкөн элек. Анан ал болот деди да ылайыктуу параллелди тапты. Ошол эле сур эчкинин каргышы Уланмырзанын өзүнүн интерпретациясы болду”.

Уланмырза Карыпбаев Ош улуттук драма театрына көркөм жетекчи болуп барганга чейин “Күн кармаган бала” аттуу спектаклин койгон. Чыгарма коомчулукта талкуу жаратып, ар кандай пикирлерге жем таштаган.

Театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов (ортодо)

Театр сынчысы, драматург Жаныш Кулмамбетов “Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли Карыпбаевдин мурдагы чыгармаларынын топтому болду деп баа берди.

“Бүгүн сахнада Уланмырза Карыпбаев 53-спектаклин коюп жатканы айтылды. Чыгармачыл адам беш-алты жыл ичинде 53 спектаклди кое турган болсо, анда сөзсүз түрдө бирине бири өткөн көркөм темалар, бирине бири өткөн көркөм туюнтуучу учурлар болот. Бул спектакль менин түшүнүгүмдө Карыпбаевдин мындан мурунку коюлган спектаклдеринин жыйындысы, топтому, жалпыланган образы. Анткени бүгүн мурдагы спектаклдердин көп темаларын, сюжеттик линияларын, образдарын көрдүм. Бул Карыпбаев үчүн кандайдыр бир чыгармачыл мезгилдин жыйынтыгы. Спектакль өз мүдөөсүнө толук жетти. Албетте, түшүнгөн, Карыпбаевдин чыгармачылыгы менен тааныш адамдар үчүн башкача таасир калтырышы мүмкүн. Бирок, негизинен бул адамдын тагдыры. Бүтүндөй коом, доор жана жалпы адамзаттын тагдыры менен байланыштуу ыр деп айтсак болот”.

Системага каяшабы?

30-мартта коюлган спектаклде Ош театрындагы улуу муун менен катар жаш-улан кыздар да роль жаратты. Алсак, Мукайдын образын Улан Жумабеков, улгайган кезин Кыргыз эл артисти Талант Апыев ойноду. Жамалдын ролун жаш актриса Бегайым Асанакунова жараткан. Кайберенди ырчы Айпери Кулбаева аткарды.

Укук коргоочулар Рита Карасартова жана Өндүрүш Токтонасыров.

Укук коргоочу Рита Карасартова чыгармадан система тагдырын талкалаган бүтүндөй муундун тагдырын көргөнүн, андай мамиле бүгүн да уланып жатканын белгиледи.

“Мен ыйладым. Көрсө, тарыхтан эч ким сабак албайт турбайбы. 1937-жылдагы репрессия, согуштун алдындагы абал бүгүнкү күнгө эле окшош. Ыкмалары башка, стилдери башка, бирок окуялар кайталанат экен. Баягы эле эгемендик, элимдин эркиндиги, согуштун артынан кыйраган тагдырлар. Бүгүн деле ошол окуялар жүрүп жатат. Аябай таасирлендим. Кыркка жакын артист баары бирдей ошол замандын трагедиясын сонун чагылдырып беришти. Ош улуттук драма театрына эбегейсиз ыраазычылык билдиргим келет. Менин театрга болгон сүйүүмдү ачышты окшойт. Бүгүн эле Өндүрүш агайга (Токтонасыров-ред.) айтып жаткам. Же кыйратып концертке же театрга барбай, иш-жумуш деп жүрүп жарым кылым жашап коюптурбуз. Эми элүүдөн кийин кемчиликтерди толуктайлы, театрга баралы”.

Актриса Бегайым Асанакунова.

Жума ичинде көрүүчүлөр Уланмырза Карыпбаевдин “Кош дегим келбейт” спектаклине да күбө болушмакчы. Жекшембиде анын “Жамийла” спектакли Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында коюлган.

Уланмырза Карыпбаев өзү койгон спектаклдердин дээрлик баарын жаңыча көз караш менен иштеп чыгат. Режиссер муну изденүү, заманга ылайыкташуу катары түшүндүрдү.

Уланмырза Карыпбаев.

“Чыгарманын өзөгүн калтырып, башкача стиль, нук менен бергенге аракет кылам. “Жамийланы” да ошондой ракурс менен көрсөттүк. Жамийланын тагдыры повесттин тагдыры менен байланышкан. Чыңгыз аганы кыргыз каймактары жерип, орус жана француз интеллигенциясы мактагандан кийин кабыл алганы жөнүндө. Албетте, кээде мен интерпретацияларга кошулам, кээде кошулбайм. Бул албетте режиссердун стили. Былтыр Түштүк Кореяга барганда “Манас” спектаклин көрүп менде суроо жаралган. “Манас” эпосу бул эми биз үчүн ыйык да. Аша чаппай турган жерлер бар дегендей. Бирок менин өзүмдүн чыгармачылыгым аша чаап кетет. Аша чабат дегеним - изденүү. Ар бир чыгармадагы автордун ой-толгоосун казып, элге чакырык жасагым келет. Мессеж деп коет го, андай болбосо режиссердун деле кереги жок. Мугалим деле ролдорду бөлүштүрүп, жакшы спектакль коюшу мүмкүн. Анда бирок интерпретация болбойт да. Ал эми режиссер автор эмнени айткысы келген, жазылган чыгарманын артында эмне турат деп ойлонот. 1940-жылы болгон окуялар азыр элге кызыкпы? Демек, бүгүнкү көрүүчүгө кызык боло тургандай теманы табыш керек”.

Уланмырза Карыпбаев Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, "Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты режиссеру" наамынын ээси.

Ош улуттук драма театрына көркөм жетекчи болуп былтыр дайындалган. ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен быйыл 29-марттан тарта КМШ өлкөлөрүнүн театрларында "Карыпбаев фест" эл аралык театр фестивалы өтүп жатат.