Памирдеги азыркы көчмөндөр

Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат. 

Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет.  

Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон. 

Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат. 

Көчмөндөрдүн дасторкону. Сакалдуулар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет. 

Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт. 

Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. 

Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет. 

Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат. 

Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу. 

Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт. 

Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет. 

Чапаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет. 

Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет. 

Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет.