Тажикстанда "төңкөрүшчүлөр" соттолууда

Тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын соттолуп жаткан мүчөлөрү.

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жетекчилери үстүнөн сот башталды. Адам укугун коргоочулар сот жараяндын жабык өтөрү тынчсыздануу жаратарына көңүл бурушууда.

Тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жетекчилери үстүнөн козголгон кылмыш ишти дароо эле Тажикстандын Жогорку cоту өзү кароого киришти.

Жогорку cоттон түшүндүрүшкөндөй, жараяндын жабыктыгы кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлганына байланыштуу:

- Сот жараяндын жабыктыгынын өзү эле тажик бийликтери соттолуп жаткандардын күнөөсү жоктугун жашырууга умтулганын билгизип турат. Албетте, эгер кимдир бирөөнүн терроризм, экстремизм боюнча кылмыштарга катышы бар болсо бул жараян ачык өтүүсү керек да. Мына ошондой кылмыштарга кантип кириптер болуп калбоону коомго түшүндүрүү үчүн коомдук талкуу жүргүдөй шарт-жагдай жаратуу керек. Эгер мындай маанилүү жараян жабык өтүп жатса, албетте, бул Тажикстанда сот бейтараптыгын, адилеттигин көргөзгөндөй шарттын жоктугу. Сот ишине биз мына ушундан улам көңүл буруп, ачык-айкындуулукту камсыздап, жараянды жабык өткөрүү чечимин өзгөртүүгө чакырып жатабыз,-деди “Азаттык” менен маегинде Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева.

Кеңсеси Францияда жайгашкан бул укук коргоо уюму өз билдирүүсүндө Евробиримдикти, АКШны, ЕККУну, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин сот жараяндын объективдүү өтүшүн камсыздоо үчүн Тажикстандын бийликтерине таасир көргөзүүгө үндөдү.

Төңкөрүш аракетине катыштык

Тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясындагы соттолуп жаткан жетекчи курамдын арасында бир аял киши да бар. Партиянын 13 мүчөсү былтыр 16-17-сентябрь күндөрү камалган. Алар камалар алдында Дүйшөмбүдөгү эки полиция бекетине кол салынып, мунун артынан тажик коопсуздук күчтөрү армия генералы Абдухалим Назарзоданын куралдуу тобун жок кылуу операциясын аякташкан эле.

Тажикстандын Башкы аскерий прокурору былтыр күздөгү мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча тергөө тобунун жетекчиси Сафарали Мирзозода эки күн мурда Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйында жарыялагандай, бул факт боюнча сотко 199 кылмыш иши жөнөтүлдү.

Алардын 172си коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда жок кылынган генерал Назарзоданын же Хожа Халимдин тобуна, калганы "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрүнө тиешелүү. Мындан сырткары дагы 40тай кишиге эл аралык издөө жарыялаган.

Мухиддин Кабири

Тажик бийликтери "Ислам кайра жаралуу" партиясын, анын жетекчилигин былтыр күздөгү куралдуу козголоңго катышы бардыгы, өкмөттү кулатууну көздөгөнү үчүн айыптаган.

Бирок, камоолорго чейин Тажикстандан чыгып кеткен партия лидери Мухиддин Кабири аларга коюлган айыптарды четке кагып, бийликтер ал окуяны партияны жабуу үчүн пайдаланышканын белгилеп келет.

Саясий жүйөсү бар кылмыш иш

Жетекчилерди камоолордун артынан былтыр 29-сентябрда Тажикстандын Жогорку соту "Ислам кайра жаралуу" партиясын террористтик жана экстремисттик уюм деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева “Азаттык” менен Тажикстандын саясий жүйөсү бар кылмыш иштерине байкоо салууда маалымат алган булактарын ачыктай албасын, бирок өлкөдөгү "репрессиялардан" качкындардын четтен башпаанек алышына жардам берип жатышканын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул партияны ("Ислам кайра жаралуу") терроризмге же экстремизмге айыптоо, биздин уюмдун көз карашында, саясатташкан маселе. Бизде тергөө учурунда жана сот жараяндын алдында камактагылардын өздөрүнө жана туугандарына, атүгүл жашы жете элек туугандарына олуттуу кысым көргөзүлгөнү боюнча айныксыз далилдер бар. Бул жараян Жогорку соттун ыйгарым укугуна берилгендиктен, бийлик даттанууга болбой турган өкүм чыгарууну көздөп жатканы түшүнүктүү. Биз тергөө иштери да процессуалдык эрежелерди бузуу жолу менен жүргүзүлдү деп санайбыз. Соттолуп жаткандар жана камактагылар репрессиялык машинадан качып кутула албай калгандар. Алардын айрым кесиптештери четтен качкын макамын алуу үчүн кайрылышкан. Алар кабылган көйгөйдү тиешелүү органдар саясий жүйөдөн улам куугунтуктоо деп тапкандыктан көптөрү качкын макамын алышты.

Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын эсебинде, буга чейин "Ислам кайра жаралуу" партиясынын 8 активисти төрт жылдан 17 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилген, алтоо дайынсыз жоголгон, дагы ондогондоруна, анын ичинде партия лидери Мухиддин Кабириге издөө жарыяланган.

"Ислам кайра жаралуу" партиясынын алдында Тажикстанда “Топ 24” деп аталган оппозициячыл кыймылдын активисттери куугунтукталып, анын лидери Умрали Куватов Түркияда атып өлтүрүлгөн эле.

Байкоочулар бийликтин оппоненттерин куугунтуктоо Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун жеке бийлигин чыңдоо жана анын керт башына сыйынуучулукту күчөтүү менен коштолуп жатканына көңүл бурушат.

Учурда өлкө Конституциясына Рахмондун мамлекет башчылыкка өмүр бою шайлануусуна мүмкүндүк берген өзгөртүү киргизилүүдө. Президенттик кызматка Рахмондун баласына да жол ачуу үчүн шайлануу жашы 35тен 30 жашка түшүрүлдү.

Атайын мыйзам аркылуу "улут көсөмү" макамы ыйгарылган Эмомали Рахмон президенттик аппараттын башчылыгына жакында өз кызын дайындады.