Талибдер ооган өнөрпоздорун кысымга алууда

Ооганстандагы үйлөнүү тойдо музыкалык аспаптын коштоосуз эки жигит диний ырды аткарууда

Талибдердин ырдоого жана музыкалык аспапта ойноого тыюу салуусу Ооганстандагы классикалык музыка салтын кыйын абалга кептеди. Ошол эле кезде "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) кыймылы уруксат берген "музыкасы жок ырдаган" топтордун саны көбөйдү.

25 жаштагы ооган музыканты Ахмад Голами оогандардын улуттук кыл аспабы – танбурда ойноонун сырын өздөштүрүүгө өмүрүн арнаган жигит. Танбур (тамбир) өзбектердин дутарына окшошуп кеткен музыкалык аспап.

Музыкалык өнөр секисине жетиш үчүн Ахмад он жыл убактысын сарптап, эл алдына чыгып танбур чертип, профессионал музыкант катары акча таба турган деңгээлге жетип калган эле. Ислам укугун өзүнүн көз карашына ылайыктап колдоно баштаган "Талибан" кыймылы музыкага тыюу салды.

Борбордук Бамиан провинциясынын полиция башчысы тарабынан Голами жана ага тааныш музыканттарга чыгармачылыкка тыюу салынды, талиб башкаруучусу музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо маселесин өзү чече турганын, ушундай укукка ээ болгонун жар салды.

"Талибан" Бамианга кайтып келгенден бери музыкада ойноону токтотком. Музыкага өмүрүмдү арнаган элем. Музыкасыз кантип жашарымды билбейм. Айлам куруп турат. Суудан кургакка ыргытылган балыктай аба жетпей турат. Мындан кийин "Талибан" айтканды гана жасай турган болсом жашоонун мага кызыгы деле болбой калат", — деген пикирин Голами "Азаттыктын" ооган кызматынын журналистине билдирген.

15-августта талибдер провинциянын борбору Бамианды басып алышты. Голами Яхуланг районундагы кичинекей кыштагына келип ач калбастын камында айыл чарба жумуштарында жүрөт.

"Талибандын" айынан бул жерге келдим. Ушул жерде дыйканчылык кылып жатам", — деди Голами.

1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин кандуу башкаруусу кезинде музыкага тыюу салынган болчу. Быйыл августта "Талибан" бийликти кайрадан басып алды. Бул ирет алар мурдагы 1990-жылдардагыдай болбой кыйла өзгөрүлгөнүн өзгөчө белгилеп, ооган калкы менен эл аралык коомчулукту ынандырууга катуу киришкен.

"Талибан" лашкери Кабул шаарынын четинде.

Урушту гана билген жоочулардын музыка боюнча позициясын туруктуу деп айтыш кыйын, "Талибандын" өкүлү Забиулла Муджахиддин музыка "исламдык эмес" деген билдирүүсүнөн тышкары, ага таптакыр тыюу салган буйрук чыга элек.

Музыка "исламдык эмес" деген позицияны карманган "Талибан" жоочулары айрым жерлерде музыканттарды токмоктоп, алардын аспаптарын өрттөп, музыка коюуга тыюу салышууда. Ошондон жүздөгөн музыканттар карабашын калкалап сыртка чыгууга мажбур болду.

Музыкага тыюу салган жарлыктар

Талибдер бийликке кайтып келгенге чейин Голами эл арасында салттуу ооган музыкасын жайылтуу кыймылынын активдүү мүчөсү эле, аны колдогондор көп болчу.

Буга чейинки 20 жыл ичинде шаар көчөлөрүндө эркектердин улуттук Атан- Милли бийин добулбас жана жыгач чоордун коштоосунда бийлеп көңүл ачуусу көнүмүш нерсе эле.

Бамиан провинциясында концерттер өтчү, ошондой иш-чаралардын бири "Танбур" фестивалы болчу, бул жерге бүт өлкөдөн музыка сүйүүчүлөр келип, токтолбогон уруштардан тажаган оогандыктардын адеп-ыйман дүйнөсү тазарып, калктын рухий жашоосу жаңылана баштаган.

Ооган кыз Ооганстан улуттук музыка институтунда ситарда ойноонун сырын өздөштүрүүдө. Кабул, 2013-жыл

Голами дагы башка өнөрпоздор үйлөнүү тойлорунда же ресторандар менен жеке үйлөрдө ырдап, музыка ойноп акча табышчу.

Эми болсо "Талибандын" Маалымат жана маданият министрлиги ислам укугунун катаал ханафит түшүндүрмөсүнө ылайык, музыкага "тыюу" саларын жарыя кылууда.

"Талибан" жоочулары быйыл августта Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарын басып алгандан кийин белгилүү ооган музыканттары иштетчү музыкалык студияны талкалашкан.

Жоочулар фисгармония, лютня, добулбастарды жана башка музыкалык аспаптарды көчөгө алып чыгып бензин чачып өрттөп салышкан. Студияны иштеткен Номан Хан жана башка музыканттар өлтүрүп коюшпасын деп коркуп өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту.

Азыр алар Пакистанда күн өткөрүүдө, ал жерде эртең эмне болорун билбей, айласыздан өлкөсүнөн качып чыккан 11 миңден ашуун оогандыктар баш калкалоодо. Ооганстанды басып алган "Талибандын" жергиликтүү аткаминерлери Кабул баш болгон ири шаарларда, Кандагар, Герат, Мазари-Шарифте музыкага тыюу салган жарлыктарын чыгарды.

Бамиан полициясынын башчысы болуп дайындалган Сиддикулла мындан ары эч кимге музыка ойноого уруксат берилбешин, андайга толук тыюу салынарын айтып, музыкалык аспаптар өрттөлүп, жок кылынарын шардана кылууда.

"Биз артисттерди шарият принциптери жана ислам эмиратынын мыйзамдары боюнча окутабыз. Музыкага жалпы Бамиан боюнча тыюу салынат. Шарият боюнча ырдоого болбойт", —деп ал "Азаттыктын" ооган кызматынын журналисттерине жагдайды түшүндүрдү.

Салт куруганы калды

"Талибан" режими Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарган, анда исламдын катаал мыйзамдарына негиздеп музыкага тыюу салган.

Ал кезде Ооганстанда жашаган музыканттардын көбү үйлөрүндө жашырынып алып ойночу, бир даары "ач кулактан тынч кулак" деп музыкалык аспаптарын бекитип салышкан. Өтө корккондору жерди казып, жигин билдирбей көөмп коюшкан.

Ооган классикалык музыкасынын салты Пакистан менен Иранга качып кеткен музыканттардын аракети менен гана сакталып калган. Ал жерде өнөрлүү адамдар билгенин жаңы муунга үйрөтүп, буга чейин жашап келген элдик өнөрдүн билигин өчүрбөй калган эле.

2001-жылы АКШ баштаган коалиция басып киргенден кийин "Талибан" режими жок кылынып, четте качып жүргөн музыканттардын көбү жерине кайтып, музыкалык салт кайрадан жандана баштаган.

Ооган классикалык музыкасын кайрадан жандантуу аракетине аң сезими биротоло катып калган ислам динчилери ошондо да көжөлүп каршы турушту. Ошондой катаал сынга Бириккен Улуттар Уюму тарабынан каржыланган өнөрпоз кыз-келиндерди даярдоочу өлкөнүн түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарындагы Нагашан Көркөм өнөр галереясы туш келген.

Жоочулар эркек-аял дебей ооган музыканттарына кол салып, алардын кыйласы исламчылардын колунан мерт болгон.

Бирок ага карабастан улуттук музыка кайра жанданып, кенен жайыла баштаган, ооган музыканттары улуу өнөргө ондогон жылдарга созулган уруштар менен кыргындарга карабай жаңы дем, жаңы күч беришти.

Бул салттар ооган элдик обондору менен мурдагы ооган өкүмдарларынын аксарайында аткарылган поэзия айкалышып, Индиянын түндүгүндөгү классикалык музыка түзүмүнө үндөшүп кетет.

Ооган өнөрпоздорунун көчөдөгү зооктору. Кабул, 2011-жыл

Бул өзү чынында да уникалдуу синтез, окумуштуулар түндүк индиялык классикалык музыканын ооган жерине байыр алышын 1860-жылдарга байланыштырат, мына ушул кезде ооган өкүмдары Амир Шер Али Хан аксарайда иштөөгө хиндустандык музыка чеберлерин алып келген.

Классикалык инди музыкасы сындуу эле ооган музыкасы оозеки салтка негизделген форма. Жаш өнөрпоздор узак жылдар бир устаттын шакирти болуп өнөр сырын үйрөнүшөт. Студенттер ритм менен ыргакты обонго салуунун сырын окушат, музыкалык фразаларды кайталап, ичтен чыккан сезим кылдарын жан дүйнөсүнөн өткөрүшөт, татаал музыкалык чыгарманы аспапта ойноо өтө эле узак даярдыкты талап кылат. Ошентип музыка дүйнөсүнө баш баккан жаш өнөрпоз устаты аркылуу байыртан келаткан музыкалык билимди өздөштүрөт, муундар аркылуу, устатынан шакирти аркылуу байыртан келаткан салт сакталат, өөрчүйт.

"Талибандын" музыкага тыюу салуусу Ооганстанда бекем калыптанып калган музыкалык өнөр сырын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн жок кылып, эчен кылымдар жашап келген музыкалык салттын бүгүнкүсү менен келечегине коркунуч жаратты.

"Музыканы жоюу — бул Ооганстан жамаатынын маданий жалпылыгынын бир капшытын жок кылуу. Кандагарда музыкага тыюу салышты, ага улай ["Талибан" көзөмөлүндөгү] ооган маалымдоо каражаттары музыкалык уктурууларын токтотушту, пенде баласынын сезим дүйнөсүн ойготкон музыканы жаап салышты", - дейт талибдердин кордугунан качып кеткен ооган музыканты Жавед Таше.

"Музыкасыз ырдоо"

Быйыл августта "Талибан" жоочулары оогандын батыш тарабындагы Герат шаарын басып алганга чейин 50 чакты музыкалык коллектив тойлор менен жеке концерттерге чыгып, өнөрүн тартуулап турушчу. Азыр ал топтордун көбү жок.

Гераттагы үйлөнүү тойканасынын расмий өкүлү аты-жөнүн жашырып, "Азаттыктын" ооган кызматына музыкалык топтордун баары талибдер музыканттардын тойго келип өнөр көрсөтүшүнө тыюу салгандан кийин дайынсыз болуп кетишкенин билдирген.

Бирок андай сестүү эскертүүлөргө карабай, айрым ооган музыканттары ушу кезде деле өнөрүн ара жолго таштабай, талибдер айткан "музыкасы жок ырларды" аткарып жүрүшөт.

Жакында эле уюшулган мындай жаңы топторго "Талибан" уруксат берди, булардын иши жүрүүдө, үйлөнүү тоюнда Куранды кубулжута ырдап, андан үзүндүлөр айтып, талибдердин бийлигин мактаган театралдык оюндарды коюп жатышат.

Ошондой топтордун бири "Ислам тынчтык тобу" деген атты алып Гератта Рахим Фарахманддын жетекчилигинде ишин улантууда.

"Ислам тынчтык тобу" түзүлгөндөн бери туура бир ай өттү. Топто алтообуз, ["Талибан жактырган"] ар кыл программаларыбыз бар, үйлөнүү тойлорунда ыйык Куранды жатка айтабыз", — деди Фарахманд.

Ооганстандын элдик музыкалык аспаптары

"Талибандын" колдоосун алган дагы бир коллективдин мүчөсү 35 жаштагы Султан Ахмад Мохаммади "адамдарда тоюна ислам ансамблдерин чакыруудан башка аргасы жок" дейт.

"Талибан" бийликке жеткен күндөн тарта музыкага толук тыюу салынды. Алар үйлөнүү той болуп жаткан жерге музыкалык топторго аспаптары менен барып ырдап, ойноого жол беришпейт. Ислам топтору көбөйүп баратат, себеп дегенде адамдар аларды тоюна чакырышка мажбур, — дейт Мохаммади. Анын айтуусунда, "Талибан" уруксат берген үйлөнүү той программаларында ислам аалымдарынын сөзсүз тойдо сүйлөшү көрсөтүлгөн.

Мындай программаларды жактырбагандар ислам аалымынын тойдо узун сабак сүйлөшүн "исламга үгүттөө" деп эсептешет, алардын ырасташынча, мунун баары "Талибандын" шариат радиосуна окшош, 1990-жылдардын соңунда талибдер тойго көркөм окууну кошуп, аны так сактоону милдеттендиришкен.

Жаузжан түндүк провинциясында жергиликтүү элге таанымал ырчы Тажуддин Андхой тойлордо музыкалык аспаптын коштоосу жок ырдап жүрөт.

Социалдык желеде жайгашкан видеороликтен Андхойдун "Най Най" деген өзбектин салттуу ырын аткарып жатканын көрүүгө болот. Бирок ырчы чыгарманын текстин өзгөртүп, "Талибанды" мактаган саптарды кошуп алган.

"Жашасын биздин моджахеддер. Сиздерге чоң рахмат", — деп ырдайт Андхой. Анын "ыйык жоочулары", талибдердин ичара жанкечтилерине берген аты, жоочуларды "Талибан" ыйыктар деп эсептейт.

Андхойдун мактоо ыры соцжеледе ооган диаспорасынын катуу сынына түштү.

Ооган Facebook колдонуучулары тойлордо "Талибанды" жерге-сууга тийгизбей мактоо орунсуз деп эсептешет. Дагы ырдоого уруксат бербей коёт деп белгилүү ырчынын кошомат кылышын ооган жамааты жактырбастыгын ачык билдирди.

Рон СИНОВИЦ