"Тасма пираттарына чара көрүлүшү керек"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандык кино жаратуучулар соңку кезде жаңы тартылган тасмалардын көпчүлүгү пираттык жол менен тарап кеткенине тынчсызданууда. Алардын айтымында пираттар тасмаларды жайылтып эле тим болбой, Телеграм каналдары аркылуу сатып жатат.

Буга нааразы болгон 50дөн ашык кино ишмерлери укук коргоо органдарына кайрылып, аларга чара көрүүнү суранды. "Азаттыкта" Кыргызстандагы тасма пираттары жана автордук укуктун корголушун талкууладык.