"Акча табам деп жүрүп ден соолукту жоготобуз". Тигүүчүлөрдүн көрүнбөгөн түйшүгү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы жылдары тигүүчүлүк Кыргызстанда суроо-талап жогору болгон кесиптердин бирине айланды. Анткен менен оңой акча таба коё турган кесиптерге кирбейт. Каарманыбыз Жылдыз Абакирова он жылдан бери онго жакын тигүү цехтеринде иштеген. Келин ысык-суукта жылбай отуруп иштөөгө туура келгендиктен ден соолукка зыян келерин, бирок аялдар өзүнүн саламаттыгына көңүл бурбай жүрө берерин айтат. Жылдыз Абакированын бир күндүк ишине "Азаттык" күбө болуп келди.