Аксыда төө куш баккан ишкер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксы районунун тургуну Бакыт Ашыров Орусияда көп жыл мигрант болуп жүрүп, кийин ишкерлик кылууну чечкен. Кыргызстанга келгенде топтогон акчасына башка канаттуулар менен кошо 20 төө куш алып бага баштаган. Төө куш азыр аксылыктар үчүн жаңылык болуп, аны багууга кызыккандар арбын.