Түркиядагы кыргыз ишкерлеринин үмүтү

Анталия.

Түркияда 1-июндан баштап тейлөө кызматындагы ишканалар жана мейманканалар коронавирус менен күрөшүү эрежелерине ылайык иштей баштайт. Түркиядагы кыргызстандык ишкерлер мындай чектөөлөргө кандай туруштук берип жатышат?

Гүлайым Медетбекова төрт жылдан бери Анталия шаарында сулуулук салонун иштетип келатат. Анын кардарлары негизинен кыргызстандык мигрант кыз-келиндер. Бирок коронавирустун айынан Түркияда сулулуук салондору толугу менен жабылган. Мындан улам Гүлайымдын салону да эки айдан бери жабык турат. Ал да башка ишкерлердей эле пандемиянын бүтүшүн күтүп жатканын айтты.

Гүлайым Медетбекова кардарлары менен.

«Учурда Анталияда мекендештерибиз кыйналып эле турат. Өзүм иштеткен салон жабык турса да кыйналган кыргыздарга колумдан келишинче жардам берип жатам. Ал эми салондор качан ачылары белгисиз. Айрымдар май айынын аягында ачылып калат деп жатышат. Ачканга уруксат берилип калса, кайрадан эле кыз-келиндерге кызмат көрсөтүп, чоң эргүү менен ишке киришем деп турам».

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ошондон бери өлкөдө ресторандар, соода борборлору, коомдук жайлар жана мектептер жабык турат. Расмий Анкара мындай чектөөлөр Орозо айы бүткөнгө чейин узатылганын маалымдаган.

Түркиянын Туризм жана маданият министрлиги 1-июндан баштап туристтик аймактардагы мейманканалар атайын текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана иштей баштарын билдирди.

Вандык кыргыз Халук Атлы Анталия шаарындагы «Лина консалтинг» агенттигин жетектейт. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарга Анталиядагы мейманканалардан жумуш таап берет. Халук иштешкен мейманканалар 2020-жылдын туристтик сезонуна катуу даярданып, бирок коронавирустан улам жумшалган инвестиция текке кеткенин айтып берди.

Халук Атлы

«Биз бул туристтик сезонго эрте эле даярдана баштаганбыз. Менин агенттигимен эле 50 мигрантка расмий эмгек визасы ачылып, жайында мейманканаларга ишке келишмек. Коронавируска байланыштуу мейманканалар жана аба каттамдары жабык болгон үчүн келе албай калышты. Биздин агенттикке окшогон ондогон компаниялар чет өлкөдөн ишчилерди алып келип, бирок мейманканалар иштебегендиктен чоң чыгашага дуушар болушту. Ошол эле учурда Анталиядагы мейманканалардын ээлери да ири инвестиция жасап, туристтик сезонго даярдык көрүшкөн. Бирок турист келбесе бул жылы мейманканалардын ачылышы өтө кыйын болот».

Түркиянын дагы бир туристтик аймагы болуп эсептелген Измир шаарында кыргыздардын кафесин иштеткен Нурай Изги да карантинден улам үйдө отуруп калгандардын бири. Алты ай мурун ачкан кафеси марттан бери жабык турган Нурай Түркиядагы коронавирус чектөөлөрү анын бизнесине ашыкча чыгаша алып келгенине токтолду.

Нурай Изги

«Түркияда кафелердин баары жабылат деген мыйзам чыккандан бери мен да кафемди жабууга мажбур болдум. Бирок эки айдан бери кафенин ижара акысын, суу жана электр энергиясы үчүн төлөп жатам. Эми ушул карантин бүтүп калса кайра эле ачам деп отурам. Биздин кардарлардын дээрлик көпчүлүгү кыргызстандыктар болгондуктан алар да улуттук ашкананы сагынып калды деген ойдо белди бекем бууп ишке киришейин деген оюм бар».

Ал эми Анталия шаарында 16 жылдан бери курулуш компаниясын түптөп жетектеп келген Шерикбек Акимов Түркияда коронавирус илдети менен келген кризистен чыгуунун жаңы жолдорун издеп жатканын айтты.

Шерикбек Акимов

«Учурдагы пандемия кризисине бир да ишкер даяр эмес болчу. Буга чейин Түркияда бир канча экономикалык кризисти башыбыздан өткөрдүк, бирок бул жолу эч ким бизнесинде экинчи планды ойлонгон эмес. Учурда мен ишмердүүлүгүмдү жаңы нукка буруп, «үй алам» деген чет өлкөлүк кардарларыма үйлөрдү онлайн көрсөтүп жатам. Алар Анталияга келбесе деле элчиликтер менен кызматташып аралыктан документтерди бүтүрүп жатабыз. Кыйынчылыктар албетте болуп жатат, бирок түрк өкмөтү 1-июндан баштап карантиндин жоболорун жеңилдетсе ишкерлерге жеңил болот деген үмүтүм бар».

Түркиядагы жеке менчик ишканаларга өкмөт жеңилдетилген насыяларды берип, айрым ишканалардын салыктарын үч айга жылдыруу каралган.

Ал эми өлкөдө жыл сайын жай мезгилинде туристтик аймактарда миңдеген чет өлкөлүк мигранттар иштеп кетишет. Түркиянын Туризм жана маданият министрлиги коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын туристтик сезону июнь айында ачыларын маалымдаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​