Түркүн түстүү Бишкек

Бишкектин так ортосунда жайгашкан Эркиндик бульвары шаар пайда болгондо негизделген. Азыр бул жерде шаардыктар сейилдеп турушат.

Бишкектеги заманбап, өзгөчө курулган имараттардын көбү Токтогул көчөсүндө.

Эркиндик бульварындагы эски үйлөрдүн бири. Бул үйдө мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы маданият министри, Кыргыз эл баатыры Күлүйпа Кондучалова жашаган.

Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан Novotel конок үйү - калаага көрк кошкон имараттардын бири.

Учурда борбор калаада миллиондон ашык киши жашайт.

Манас проспектиси. Бул жолдон президенттин жана расмий делегациялардын кортежи өткөндүктөн, жол бат-бат жабылып турат.

Жамгыр жааган учурда Бишкектин жолдорун суу басып, көлчүктөр пайда болот. Жол четиндеги арыктардан суу ашып, тротуарды каптайт.

Жол боюндагы жайма базар.

Аялдамада турган шаар тургундары. Борбордогу коомдук транспорт маселеси дагы эле чечиле элек. 

Бишкекте эски имараттар көп. 

Дэн Сяопин көчөсү.

Жаңы конуштагы таштак жол. Бишкекте 48 жаңы конуш бар. Алардын көпчүлүгүндө жол көйгөйү чечиле элек. 

Калаанын борборундагы Н.Исанов көчөсү.

Ак үй. Жолду оңдоп жаткан жумушчулар.

Бишкектин чыга бериши.

Ала-Тоо аянты. 

Кечки Бишкек. "Кыргызтелеком" ишканасынын имараты.

 Ыш каптаган кышкы Бишкек.

Күздөгү Бишкек. Чыңгыз Айтматов проспектиси.

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 144 жыл болду. Калаа 1878-жылы Пишпек деп түзүлүп, кийин Фрунзе болуп өзгөргөн. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Бишкек болуп аталган. Борбор калаанын түзүлгөн күнүнө карата анын азыркы эки башка абалын чагылдырган сүрөт баян.