"Тез татым даамдуу бирок семиртет". Жаштарды кыйнаган ашыкча салмак

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан эки жыл мурун Бишкектеги эл аралык медициналык институту атайын изилдөө жүргүзүп, кыргызстандык студенттердин 70 пайыздан ашыгы тез татым жана таттуу суусундуктар менен тамактанарын айтып чыккан. Ал арада бул тармактагы адистер соңку жылдары ашыкча салмак менен жабыркаган жаштар көбөйгөнүн айтып, коңгуроо кагышууда.