Тыныстанов: Аталар түптөгөн өлкөнү сактап калышыбыз керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган ишмерлер түптөгөн мамлекеттин өнүгүү нугу учурда тиешелүү деңгээлде уланбай жатат. Бул тууралуу Касым Тыныстановдун небереси, Reuters Thomson фондунун стратегия жана корпоративдик өнүгүү боюнча директору Теңдик Тыныстанов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал чоң атасынын тагдыры, мурастары, репрессия курмандыктарына мамиле жана учурда өлкөнүн абалы тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.