Украинага ракеталык соккулар, талкаланган Киев
Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, башкалаа Киевдин өзүндө эле 30дай имарат талкаланды. Арасында "Чернобыль" музейи бар. Украинанын Аба күчтөрү Орусия тарабынан түнү 549 дрон жана 55 ракета учурулганын билдирди.
Киев шаары. Орусиянын ракета жана дрон чабуулунан кийинки көрүнүш. 24-май
Орус Коргоо министрлиги жапырт чабуулда "Кинжал", "Циркон" жана "Орешник", "Искандер" ракеталары, учкучсуз учактар колдонулганын ырастап, муну Орусиянын жарандык объектилерине карата украин чабуулдарына жооп деп атады.
Киев шаары. Орусиянын соккусунан жабыркагандар эвакуациялоо учуру. Жараат алган аял
Өрт өчүрүүчүлөр Киевдеги турак жайлардын биринде чыккан өрттү өчүрүп жатышат.
Киевдин көчөсү чабуулдан кийин
Киев. 24-май, 2026-жыл
Дүйнө коомчулугу Орусиянын Украинага чабуулдарын айыптап жатат. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын Украинага чабуулдары Кремлдин мыкаачылыгын жана адам өмүрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн тоготпой турганын көрсөткөнүн айтты.
22-майда орус президенти Владимир Путин Луганск облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү Старобельскиде коллеж менен жатаканага сокку урулганын билдирип, муну теракт деп атаган. Москва анда 21 киши, негизинен коллеждин жашы жете элек студенттери өлгөнүн жарыялаган. Путин Коргоо министрлигине буга жооп даярдоону тапшырган.Украина ал кезде бутага аскердик объект - Орусиянын "Рубикон" борборунун штабы алынган деген жооп кайтарып, Кремлдин айыптоолорун четке каккан.
"Орешник" ракетасы ушуну менен украин-орус согушунда үчүнчү жолу колдонулуп жатат. Орус күчтөрү аны биринчи жолу 2024-жылдын 21-ноябрында Днепрге сокку урганда колдонгон. Экинчи жолу 2026-жылдын 9-январында Львов облусунда пайдаланган.
"Орешник" ракетасы өзөктүк сокку урууга багытталган,, аны башка курал-жабдууда колдонуу натыйжасыз деп эсептелет. Ошондуктан Орусия муну колдонуу менен Батышка сес көрсөтүп жатат деген пикирлер бар. Бул куралды колдонуу аракети конфликтти күчөтүүгө шарт түзөт. Ракета Европанын бардык аймагына жете турган ылдамдыкка ээ.
Киевдеги Лукьянов метро станциясы.
Орусиянын чабуулу учурунда жер төлөдө жаракат алган аялга жардам берүү учуру
UKRAINE -- The aftermath of the Russian attack on Kyiv. Kyiv, May 24, 2026
Жараат алган Евгений ити менен жертөлөдө отурат. 24-май
Жер төлөдө башкалкалап, жараат таңууга аргасыз болгон украиндер.
Орус Коргоо министрлиги жапырт чабуулда "Кинжал", "Циркон" жана "Орешник", "Искандер" ракеталары, учкучсуз учактар колдонулганын ырастап, муну Орусиянын жарандык объектилерине карата украин чабуулдарына жооп деп атады.
Украина, Полтава облусундагы чабуулдун кесепети. 24-май
Украина. 24-майга караган түнү Орусия Черкассыга да сокку урган.
Соккулар маалында Киевдин үстүнөн көтөрүлгөн коюу түтүн. 24-май
2026-жылдын 24-майы. Киевде талкаланып, өрттөнүп жаткан имараттардын жанында бараткан аял.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.