1916-жыл: падышанын жарлыгы жана көтөрүлүш

Падышалык Орусиянын аскерлери менен кыргыздар жер маселесин такуулоодо. 1915-жылдар.

1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн башкы шылтоосу жергиликтүү элдин 19 жаштан 43 жаштагы эркектерин оорук жумуштарына чакыруу тууралуу 25-июндагы падышанын жарлыгы болчу. Жарлыктын тегерегиндеги жагдайлар тууралуу Алматыдагы архивден табылган жаңы документтер жайында кеп кылабыз.

1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылдын эң башкы себеби падышачылыктын оторчулук саясатынын күчөшү экени буга чейин көп айтылган. Ал эми араң турган элдин кыжырлануусун күчөтүп, ачык күрөшкө чыгуусуна падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы жарлыгы шылтоо болуп берген.

(№1 документ, 1916-жылдагы Орусия империясынын айрым аймактарынын калкын оорук жумуштарына чакыруу тууралуу Падышанын Жарлыгы. Документ аты аталган расмий журналга жарыяланган).

Аталган жарлыкка ылайык, Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда оорук жумуштарына чакырылган адамдар майдандагы орус аскерлерине коргонуу жайларын курууга, ошондой эле тылдагы ар кандай иштерди аткарууга тартылмак. Ал үчүн Астрахан губерниясындагы, Сибир жана Орто Азиядагы жергиликтүү калктын 19 жаштан 43 жашка чейинки өкүлдөрү жапырт аскерге чакырылмай болот. Падышанын жарлыгы тууралуу кабар Ташкенге 28-июнда келип, Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернаторлук милдетин убактылуу аткарып жаткан генерал Ерофеев ошол эле күнү аны облустарга таркатат. Түркстан чөлкөмүнүн калкы жарлык менен 29-июндан кийин таанышканы менен, анын түпкү маанисин терең түшүнө беришкен эмес. Ошондуктан алар кошуна жашаган орустардан сурамжылаганда, айрымдары силерди армиянын катарына чакырып жатыптыр дешсе, бир даары силер германдар менен орустар согушуп жаткан талаанын ортосуна барып, окоп казасыңар деп түшүндүрүшөт. Дагы бирөөлөрү силерге ал жактан чочконун этин жедирет деп чыгышат. Ушул сыяктуу ар кыл каңшаар кабарлар элди ого бетер дүрбөлөңгө салган. Экинчи жактан чөлкөмгө көчүп келип, кыргыздардын жерлерине көз арткан славян калкынын өкүлдөрү элдин көтөрүлүп чыгуусуна кызыкдар болушкан. Анткени архивдик материалдар бышыктагандай, көтөрүлүшкө чыгышкан кыргыздар жазаланмак да, алардын жерлери токтоосуз келгин калкка тартылып берилмек. Чындыгында эле Түркстан чөлкөмүн башкаруу жөнүндөгү жобого ылайык, козголоңго чыгышкан жергиликтүү элдин жери, мүлкү биротоло тартылып алынып, падышалык админстрация аны каалагандай калчамак. Жогорудагыдай дүрбөлөңгө салган ушак-айың, атайын таратылган чуулгандуу сөздөр элди тынч жаткырган эмес. Ошол эле учурда Жети-Суу облусунда катуу каршылыктар болорун сезген падышалык администрация аймактагы славян калкына курал-жарактарды тарката баштаган. Ташкенде, Верныйда чөлкөмдө жашаган келгиндерден атайын аскерлер куралган. Жети-Суу облусунун аскер губернатору Фольбаум мерчемдүү жерлерге аскерлерди жайгаштурууга буйрук берген.

(№1386 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд №44, иш кагаз № 19753, 17-бет, 2-июль, 1916-ж.)

Ал эми 2-июлда Түркстан генерал-губернаторунун орун басары, генерал Ерофеев Ташкенге Жети-Суу облусунун аскер губернаторунан башка бардык облустун башчыларын чакырып, 25-июндагы падышанын жарлыгын тез арада кантип аткаруу керектигин талкуулаган. Ошол мезгилде Петроградда жүргөн Түркстан чөлкөмүнүн убактылуу генерал-губернатору, генерал Мартсондон да телеграмма келет. Анда падышанын жарлыгына ылайык, Түркстан чөлкөмү 250 миң адам топтоп бере тургандыгы көрсөтүлгөн. 2-июлдагы жыйында 250 миң адам облустарга төмөнкүдөй бөлүнгөн:

1. Сыр-Дарыя облусуна 87 миң,

2. Жети-Суу облусуна 60 миң,

3. Фергана облусуна 50 миң,

4. Самарканд облусуна 38 миң,

5. Закаспий облусуна 15 миң.

Мындан сырткары кеңешмеде жумушчулардын тизмесин түзүү, жөнөтүүнүн жол-жобосу талкууланып, 5-июлдан баштап жарлыктын кыйшаюусуз аткарылышы тууралуу көрсөтмө облустарга таркатылат. Жарлыкты аткарууга киришкен падышалык төбөлдөрдүн аракеттери алгачкы күндөн тартып эле элдин катуу каршылыгына кабылган.

Ушул жерден элдик-боштондук кыймылдын башталышына шылтоо болгон падышанын жарлыгына бир аз түшүндүрмө бере кетсек. Анткени Түркстан чөлкөмүндөгү жергиликтүү элди аскер иштерине тартуу маселеси 1916-жылы эле чыга калбаганы белгилүү. 1910-жылы Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору, генерал Самсонов тарабынан бул маселе көтөрүлүп, бирок ички иштер министрлиги тарабынан четке кагылган. 1911-жылы генерал Самсонов экинчи жолу бул маселени талкууга коюп, бирок сунушу дагы өтпөй калат. Жергиликтүү элди аскер кызматына тартууну андан кийинки генерал-губернатор Покотило да көтөрүп чыккан. Натыйжада 1915-жылы Мамлекеттик Думада жана Мамлекеттик Кеңеште маселе кайра талкууланып, ал Түркстан генерал-губернаторунун башкармалыгынын кароосуна жиберилген. 1915-жылы ноябрда Орусия империясынын Согуш министрлиги тарабынан империянын карамагындагы элдердин айрым бөлүгү аскер милдетин өтөө керектиги жөнүндөгү мыйзамдын долбоору даярдалып, ал Министрлер Советинин кароосуна коюлган. Бирок, Министрлер Совети долбоорду Мыйзам чыгаруу мекемелеринин кароосуна берүү али эрте деп табат. Ошентип, бул маселе алты жыл бою кызуу талкууга алынып, акыры 1916-жылы 25-июнда падышанын жарлыгы менен жарым- жартылай түрдө бекиген. Ушул жерден Алматы шаарындагы архивден табылган жаңы бир документтерде оорук жумуштарына 19 жаштан 31 жашка чейинки эле эркектерди чакырса жетишээрлик болорун тастыктаган маалыматтарга туш болдум.

(№1396 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд №44, иш кагаз № 19753, 27-бет, 2-июль, 1916-ж.).

Көтөрүлүшкө шылтоо болгон бул жарлык тууралуу буга чейин үстүртөн эле билерибизди Алматыдагы архивден табылган бир катар жаңы документтер менен таанышып чыккан соң ынандым. Падышанын жарлыгын ишке ашыруу үчүн атайын эрежелер, тартиптер иштелип чыгып, анын негизинде оорук жумуштарына чакыруу болгон. Анда жергиликтүү калктын өкүлдөрү кандай чакырылганы, кандай жөнөтүлөрү, шарттарынан бери көргөзүлгөн. Алсак, ар бир болуштан чакырылган 10 адамга бир он башы, 100 адамга бир жүз башы, андан ары миңбашы, молдо, ашпозчу жана мырза башы дегендер дайындалып, ар биринин маянасынан бери көргөзүлгөн. Ошондой эле отпускасы, оорук жумуштарындагы айылдаштарынан кабар алып келүү үчүн айылдагы абройлуу адамдарды кандай тартипте жөнөтүү, анын жол киресинин төлөнүшү, оорук жумуштарынан кимдер бошотулары, колунда барлар акчасын төлөп башка адамдарды жиберүү мүмкүнчүлүгү жана башка маселелерден бери каралганы атайын кабыл алынган документтерде кашкайып көргөзүлүп турат.

Архивдик документтер.

Архивдик документтер

(№1432, 1433,1434, 1435 документтер, Казакстан Мамл. архиви. Фонд №44, иш кагаз № 19753, 122б-, 123, 123б, 124-беттер, 1916-ж.).

Бирок булардын бардыгы оторчулук саясаттын оорчулугун башынан өткөрүп жаткан жергиликтүү калкка жеткиликтүү түшүндүрүлбөгөнү белгилүү. Тескерисинче жогоруда айтылгандай, атайын чагымчыл аракеттер жасалып, бурмаланган түшүндүрмөлөр үстөмдүк кылган. Натыйжада араң турган элдин кыжырын бул жарлык ого бетер күчөтүп, улуттук-боштондук күрөштүн башталышына шылтоо болуп берген.